Кыргызстан-Кытай: «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» унаа жолун куруу пландалууда

Кыргызстан-Кытай: «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» унаа жолун куруу пландалууда

Кыргызстан менен Кытайды байланыштырган «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» унаа жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу өкмөт башчы Акылбек Жапаров менен Кытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук районунун (СУАР) партиялык комитетинин катчысы Ма Синжуйдун жолугушуусунда айтылды. Белгилүү болгондой, Акылбек Жапаров СУАРга иш сапары менен барган.

Ал Ма Синжуй сүйлөшүү учурунда Бедел жаңы өткөрмө пункттун ачуу жана «Барскоон – Үч-Турпан – Аксу» жолунун курулушу боюнча кеп козгогон.

«Биздин мамлекеттердин башчылары Беделди ачуу жана жолду 2024-жылы ишке киргизүү боюнча чоң милдеттерди коюшту. Албетте, «Бедел» өткөрмө пункту өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достуктун тарыхында жаңы этапты ачып, Кытайдан Борбор Азия өлкөлөрүнө жана андан тышкары өлкөлөргө жүк ташуулардын көбөйүшүнө чоң кошумча салым кошору шексиз», — деди Жапаров.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>