Курулуш министрлиги: Жыл аягына чейин Кыргызстанда 36 мектеп курулатПрезидент Садыр Жапаров Түркмөнстанга иш сапары менен барат«Музейлер эксперименталдык боло алабы?»: Бишкекте куратор Чарльз Эшенин лекциясы өтөтБекешев: TikTok’ту бөгөттөн чыгарууга азыр УКМК гана каршы болуудаБекешев кортеждердин санын азайтып, «күркүрөгөн» унааларга чара көрүүгө чакырдыБишкекте уюлдук телефондорду мыйзамсыз алып кирүүгө шектелип чет элдиктер кармалды
УКМК кайгуул кызматкерлери арасында профилактика жүргүздү
01.03.2024 | 17:15
УКМКнын кызматкерлери Бишкек шаарындагы Милициянын кайгуул кызмат башкармалыгынын кызматкерлери арасында профилактикалык иш-чара өткөрдү. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Аталган иш-чарада УКМК тарабынан кайгуул кызматкерлеринин мыйзамсыз иштерин, анын ичинде пара опузалоо, акча алуу, кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу факттардын алдын алуу боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканы тууралуу маалымат берилген.
Аны менен бирге жыйында кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун аттары аталып, алар УКМКга жеткирилген. Аларга мыйзам чегинде чара көрүлөт
Рубрики: Жаңылыктар, Коом