Бишкекте 44 таңгак гашиш менен 18 жаштагы баңгизат жашыруучу кармалдыАгартуу министрлиги ата-энелерди жеке менчик мектептердин лицензиясын текшерүүгө чакыратБекешев Бишкек мэриясынын жер алдындагы өтмөктөрдү куруу планына сын айттыЧолпон-Атада Садыр Жапаров Армениянын премьер-министри Никол Пашинян менен жолуктуКыргызстан фармацевтикалык хабга айланышы мүмкүн — «МедФарм Консалтинг» компаниясынын жетекчисиКыргызстан жана Орусия “үзгүлтүксүз” мобилдик операторду ишке киргизишет
Космосбек Чолпонбаев: Коронавируска байланыштуу мектептер карантинге жабылбайт
13.03.2020 | 12:44
Коронавируска байланыштуу өлкөдөгү мектептер карантинге жабылбайт. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаев Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.
“Биз бул маселени штабда карадык. Негизи карантиндин да өзүнүн эрежелери бар. Эгер окуучулардын 25 пайызы сабакка келбей калса карантин жарыяланат. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө мектептерде сабакка келгендер 95 пайызды түзүүдө. Мындан улам мекетептерде карантин жарыялоого негиз жок. Окуучулар 20-мартта каникулга тарайт”, – деди Чолпонбаев.
Коронавирустун алдын алуу боюнча республикалык штабдын маалыматына караганда, Кыргызстанда илдетке чалдыккандар катталган жок. Бардык тиешелүү мекемелер күчөтүлгөн тартипте иш алып барышууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом