КРВИ менен сасык тумоодон кантип сактануу керек? Расмий жооп

КРВИ менен сасык тумоодон кантип сактануу керек? Расмий жооп

Курч респиратордук вирустук инфекция (КРВИ) менен сасык тумоодон кантип сактануу керек? Бул суроонун жообун COVID-19 илдетине каршы күрөшүү боюнча Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка караганда,  Кыргызстанда КРВИ жана сасык тумоонун мезгилдик өсүшү белгиленүүдө. КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин маалыматы боюнча, өткөн жумада республика боюнча 9262 КРВИ жана 62 сасык тумоо учуру катталган. Бардык ооругандардын 70,9% же 6607 учурду 14 жашка чейинки балдар түзөт.

КРВИ, COVID-19 жана сасык тумоо сыяктуу респиратордук инфекциялардын алдын алуу 2 түр менен жүргүзүлөт – спецификалык, т.а. эмдөө жана спецификалык эмес. Өнөкөт оорулары бар адамдар, тез-тез ооруган балдар, балдар үйлөрүнүн, жатак-мектептердин тарбиялануучулары, кош бойлуу аялдар, медицина кызматкерлери ж.б. акысыз түрдө сасык тумоого каршы эмдөөдөн («Гриппол плюс», «GCFLU» вакциналары менен) өтө алышат.

Ошондой эле бардык ҮМБларда коронавируска каршы («Синофарм», «Модерна» вакциналары менен) эмделүүгө болот. Улгайган адамдар, өнөкөт оорусу барлар, иммунитети начар адамдар, медицина кызматкерлери биринчи кезекте эмдөөдөн өтүүлөрү зарыл.

Респиратордук инфекциялардын спецификалык эмес алдын алуу:

— бет кап тагынуу жана адамдар менен аралыкты сактоо;
— респиратордук гигиенаны сактоо — жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө оозду, мурунду бет аарчы менен жабуу жана кийин аларды туура жок кылуу;
— үшүп калууга же дененин ысып кетишине жол бербөө;
— өзүн жаман сезген, дене табы көтөрүлгөн жана оорунун башка белгилери бар адамдарды өз убагында обочолоо;
— санитардык-гигиеналык чараларды сактоо (кол гигиенасы, бөлмөлөрдү убагы менен желдетүү, нымдуу тазалоо ж.б.);
— балада КРВИ белгилери пайда болсо – балаңызды сакайганга чейин мектепке же бала бакчага жибербеңиз жана жардам үчүн дарыгерге кайрылыңыз;
— окуу жана эс алуу режимин сактоо, чаалыкпоо, таза абага көп чыгуу, жетиштүү убакыт уктоо жана толук кандуу тамактануу;
— таңкы көнүгүүлөрдү аткаруу жана дене тарбия менен алектенүү.

КРВИ жана сасык тумоонун белгилери пайда болгондо медициналык жардам үчүн алгач үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу сунушталат.

Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>