КРга кузовдорду алып келүүгө тыюу салууну узартуу каралууда: 8 компанияга — импортко уруксатКыргыз опера ырчысы Кайыргүл Сартбаева дүйнө салдыКыргызстанда банктык эмес каржы рыногу чөйрөсүндөгү окуу борбору түзүлөтОрусия Кыргызстандагы чет элдик капитал катышкан биргелешкен ишканалардын саны боюнча лидерДушанбеде ШКУнун өкмөт башчылары жолугуп, кызматташууну өнүктүрүү маселелерин караштыЮстиция министрлиги Бекешевдин Конституциядагы 44 ката тууралуу билдирүүсүнө жооп берди
КТРК-Спорт Казакстандагы Азия чемпионатын түз эфирде көрсөтөт
07.04.2023 | 17:54
Казакстандын борбору Астана шаарында 9-14-апрелде спорттук күрөш боюнча (грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү) Азия биринчилиги өтөт.
Аталган мелдешке Кыргызстандын атынан грек-рим менен эркин күрөштөн 10 спортчудан, кыз-келиндер күрөшүнөн 8 балбан кыз катышат.
КТРК-Спорт каналынын продюсери Шайырбек Арапов билдиргендей, аталган канал Азия биринчилигин түз эфирде көрсөтөт.
“UWW уюмунун лицензиясынын негизинде Кыргызстандын аймагында күрөш боюнча Азия чемпионатын түз эфирде көрсөтүү боюнча эксклюзивдүү укукту КТРК-Спорт телеканалы алды”, – дейт ал.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз