Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен кечирим сурады

Кубатбек Боронов медицина кызматкерлеринен кечирим сурады

Биринчи-вице-премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 13-апрелде экран аркылуу бардык медицина кызматкерлеринен кечирим сурады.

“Жалпы мамлекетибиздеги медицина кызматкерлеринен кечирим сурайм. Мен буга чейинки брифингде айткан сөзүм социалдык тармактарда туура эмес кабыл алыныптыр. Мен ал маалыматты бирөөнүн аты-жөнүн же бирөөгө тиешелүү купуя сырын атаган эмесмин. Сиздердин бир аброюӊуздарга шек келтирген бир маалымат катары кабыл алынса, туура түшүнүӊүздөр, бул андай ой менен айтылган эмес. Медициналык кызматкерлерге биз колдоо, жардам көрсөтөбүз. Көрүп турабыз, штабдын башчысы катары мен алар менен тыгыз байланышта иштеп, канчалык деӊгээлде эрдик менен иштеп жатканын түшүнүү менен кабыл алып, ошону өз көзүм менен көрүп жатам”, — деди  Боронов.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>