Кумга сиңген суудай болбойт. Президент тышкы карыз темасын козгобоого чакырды

Кумга сиңген суудай болбойт. Президент тышкы карыз темасын козгобоого чакырды

Өзүн-өзү кыска мөөнөттө актабаган долбоорлорго тышкы карыз алынбайт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров кезектеги маегинде билдирди.

Кыргызстан 2035-жылга чейин мурдагы алынган карыздарын төлөп бүтөт.

“Башка долбоорлорго алынып жаткан сырткы карыздарыбыздан эч кам санабай эле койсоңуздар болот. Азыр жасалып жаткан ар бир долбоор мамлекеттик бюджетке күч келтирбестен, өзүн-өзү актай турган долбоорлор”, — дейт өлкө башчысы.

“Илгерки алынган карыздар кумга сиңген суудай эле болуп кетиптир. Же өзүн-өзү актаган эмес, же мамлекетке келтирген пайдасы болгон эмес”, — дейт Садыр Жапаров.

Президент мындан ары ар бир долбоорду жети өлчөп, бир кесүүнү убадалайт.

“Ошондуктан чочулоого же кабатыр болууга негиз жок. Мындан ары бул теманы кеп кылбай деле койсо болот. Саясатташтыруунун кажети жок”, — дейт ал.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын тышкы карызы учурда 4 миллиард 483 миллион долларды түзөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>