Кумтөр иши. Тайырбек Сарпашев бошотулду

Кумтөр иши. Тайырбек Сарпашев бошотулду

10-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевге карата баш коргоо чарасын өзгөрттү. Бул маалыматты Reporter.kg’ге райондук соттун басма сөз кызматы тастыктады.

Сот аны эч жакка кетпөө тууралуу тил кат менен камактан бошотту.

Кийинки соттук отурум 19-январга белгиленди.

Маалым болгондой, ведомстволор аралык тергөө тобу Кыргызстандын мурдагы биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашевдин өлкөнүн жогорку саясий жетекчилиги жана канадалык «Центерра» компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып, бул компаниянын кызыкчылыгын лоббирлөө максатында жасаган кылмыштуу аракеттерин аныктаган. Кумтөр кенинде жайгашкан мөңгүлөрдүн экологиялык коопсуздугуна зыян келтирилген.

«Тайырбек Сарпашев «Центерранын» кызыкчылыгын көздөп, КР өкмөтүндө жооптуу кызматтарды ээлеп туруп, мөңгүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуучу «Мөңгүлөр жөнүндө» мыйзам долбоорун иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылганы тергөөдө аныкталган», — деп айтылат УКМКнын билдирүүсүндө.

Сарпашевдин 2021-жылдын 17-июнунда тергөө тарабынан өлкөнүн кызыкчылыгына жооп бербеген кылмыштуу аракеттери аныкталганын эске алып, ал Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинин 2-бөлүмүндө (коррупция) каралган кылмышты жасаган деген шек менен камакка алынган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>