Кумтөр кайсы президенттин тушунда алтынды көп чыгарып кеткен?

Кумтөр кайсы президенттин тушунда алтынды көп чыгарып кеткен?

1992-жылдан 2020-жылга чейин Кыргызстан чет жактан кредит, грант болуп баардыгы 11 млрд 426 млн доллар алган. Ошол эле мезгилде Кумтөрдөн түшкөн дүӊ кирешенин көлөмү 11 млрд 338 млн долларды түзгөн. Бул тууралуу Кумтөр боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров парламентте Кумтөр алтын кенинин ишмердүүлүгүн иликтөө жыйынтыгын угузуп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыр да чоӊ мүмкүнчүлүгү бар: калдык сактоочу жайдагы мамлекеттин менчигине алынып жаткан баасы 5 млрд 300 млн доллар 106 тонна алтындан тышкары, дагы 400 тоннага жакын алтын бар.

«Кумтөрдү толугу менен өз карамагыбызга алууга Кыргызстандын бир нече жолу мүмкүнчүлүгү болгон. Башкы келишим боюнча 2007-жылы Кумтөр биз тарапка өтмөк. Ал шартты 2003-жылы Акаев түзгөн келишим жоюп салган. Экинчи жолу 2009-жылы Бакиевдин тушунда, үчүнчү жолу 2012-жылы Атамбаевдин тушунда болгон. Акаевдин убагында 156 тонна, Бакиевдин убагында 68,2 тонна, Атамбаевдин убагында 132,6 тонна, Жээнбековдун убагында 52,9 тонна алтын сыртка ташылып кеткен. Кыскасы, Кыргызстандын 4 президенти теӊ Кумтөр маселесин чечүүгө эркин топтой албаптыр», — деди Акылбек Жапаров.

Ал кошумчалагандай, өткөн мезгил аралыгында кыргыз тараптын макулдугусуз эле Кыргызстандын «Центерра Голд» компаниясындагы акциялык үлүшү 33,3 пайыздан 26 пайызга чейин азайтылган. Кезинде кен иштеткен компанияга салынган 6 млрд сомдон ашуун санкция өндүрүлбөй калган. Жергиликтүү өнүмдөрдү сатып алуу да баардык сатып алуулардын 25 пайызын гана түзөт. Мисалы, ал Монголияда 85 пайыздан ашат.

«Текшерүү жүрүшүндө «Центерра Голд» компаниясы кыргыз тараптын өкүлдөрүн сатып алып, эптеп эле акча өөнөп алуунун амалына өткөнү ачыкталды. Кумтөр компаниясы бузулду делген техникаларды Канадага алып барып оӊдотуп келет. Алтургай, жараксыз техникалык жабдууларды сатып алып, көп жыл пайдаланылбай тургандан кийин кайра кымбат баада чыгаша кылынып жаткан фактылар да арбын. Мунун баары көзөмөлдүн жоктугунан болууда», — деди Жапаров.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>