Курманбек Бакиев: «Белорусия Кыргызстандан кийинки ата-журтум болуп калды (МАЕК)

Курманбек Бакиев: «Белорусия Кыргызстандан кийинки ата-журтум болуп калды (МАЕК)

Блеорусияда башкалкалап жүргөн Кыргызстандын мурдагы президенти Курманбек Бакиев «Жаңы Ордо» гезитине маек курган. Толугу менен жарыялоону туура көрдүк.

— Курманбек Салиевич, сиз Белорус жергесине келип, бул мамлекеттин атуулдугун алганыңызга, бул жакта жашап келатканыңызга он эки жылдын жүзү болуптур.

— Туура он эки жыл болду… Мен үчүн бул он эки жыл, бир көз ирмемдей көз ачып- жумганча, бат эле өтүп кетти…

— Албетте, он эки жыл деп айтканга оңой, бирок…

— Ооба, айтканга оңой… Бул аралыкта, менин башымдан эмнелер гана өткөн жок. Муну тагдырдын жазмышы деп билем…

— Биздин гезиттин окурмандарына гана эмес, жалпы кыргыз журтчулугуна, карапайым элибизге деле сиздин айтар сөзүңүз кызыктуу болсо керек деп ойлойм. Белорус мамлекетинде жашап калышыңызга кандай себеп болду, саясый себептерби же балким бул жакта жашоо жеке өз тандооңуз болдубу?

— Мен муну, менин маңдайыма жазылган го деп түшүнөм…

— Балким, ошол кезде Кыргызстандангы болгон мамлекеттик кандуу төңкөрүштү, саясый кризисти, өлкөбүздүн түндүк-түштүккө бөлүнүп кетүү коркунучтун өз учурунда токтотуу үчүн, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калуу үчүн КМШнын мамлекет башчыларынын президенттеринин чечими, ошондой болдубу?

— Бирок, ошол аралыкта болгон окуяларды эстесем, андан бери айта турган болсом көп нерселер унутулуп баратат. Кээ бир нерселерди эстегим да келбейт. Ошого карабай, Бекен иним, ушунча миңдеген чакырым алыс жолдо маек алам деп келгениңди ызаттап сыйлашым да керек… Туурабы? Ошондуктан эстегендеримди, сага айтып берейин.

— Курманбек Салиевич, сиз, Ак үйдөн президенттик иш кабинетиңизди таштап чыгып, Ош шаарына барганыңызды билебиз. Ал эми өзүңүз төрөлүп өскөн айылыңызга качан бардыңыз?

— Мен, Тейит айылына 2010-жылдын 8-апрелинде бардым го…

 Эмне, Бишкектен Ошко учуп барып, түз эле Тейит айылына бардыңыз беле? Ал эми Тейитте канча күн болдуңуз…

— Жок… Ошто бир аз убакыт болдум… Ал эми Тейит айылында тогуз күн болдук.

 Ошол оор күндөрдө Россиянын президенти Владимир Путиндин сиз менен байланышканын уккан жайым бар эле?

— Мен Тейитке барганымдан эки күндөн кийин бекен, мага Путин өзү байланышып: “Курманбек Салиевич, Ак үйдүн алдында болгон окуя үчүн сизди эч күнөөгө тарта албайт! Бирок, эгерде регионалдык согуш чыгып кетсе, анда күнөөнүн баарын сиздин мойнуңузга жүктөп коюшат. Ошондуктан мен сизге кеңеш берет элем, республикадан чыгып кетиш керек! Эгер макул болсоңуз, мен сизге бир регионду өзүм айтам!” деп калды.

— Курманбек Салиевич, сиз кандай жооп бердиңиз?

— Мен, “ойлонуп көрөйүн” деп айттым. Андан кийин да бир-эки күн өттү окшойт. Лукашенко Александр Григорьевич мага телефон чалып: “Курманбек, сен биринчиден чиркейден коркпойсуңбу?” деп калды. Мен өзүмчө ичимден, “минтип тамаша кылып азилдеше турган учур, абал эмес эле, эмне деп жатат” деп калдым. Анан мен: “Жок, мен чиркейден коркпойм. Александр Григорьевич, мен Россияда, болгондо да Волга дарыясынын боюнда бир топ жыл окуп, жашаганмын. Ал жерде деле чиркейлер көп болчу…” деп жооп бердим. Бир аз убакыттан кийин Лукашенко: “Эгер, мен сени Белоруссияга алып чыгып кетсем, буга кандай карайсың?” деп суроо таштап калды. Мен ага жооп кылып мындай дедим. “Александр Григорьевич, сизге ырахмат! Бирок, алып кетейин деген ниетиңиз болсо, анда менин аялым менен эки баламды алып чыгып кетиңиз! Мен сизден ушуну гана суранам? Мага Бишкектен кабар келди, Бакиевдин бала-чакасы бар эле деп, менин үй-бүлөмдү издеп жатышыптыр…” дедим.

 Кечиресиз, сиз эмне үчүн аялыңыз менен эки балаңызды өлкөдөн алып чыгып кетүүнү гана сурандыңыз?

— Анткени, мага Бишкектен кабар келди, жанагы мыйзам бузган мырзалар “Бакиевдин жаш баласы менен кызы бар эле” деп, алардын үй-бүлөсүн уурдап кетүүнү пландап жатышканы боюнча кабар жетти. Менин үй-бүлөмдү издеп жүрүшкөн экен. Мени президенттиктен кетириш үчүн, булар ар кандай жаман нерселерге бара турганын ошондо түшүндүм.

 Курманбек Салиевич, өз коопсуздугуңузду, жеке керт башыңызга болгон коркунучту Белорус президентине айткан жоксузбу?

— Жок… Өзүмдүн керт башымды айтканым жок… Кийин Казакстандын президенти Нурсултан Абишевич менен да телефон аркылуу сүйлөшүү болду.

 Биздин боордош казак президентибиз, сизге эмне деген кеңешин айтты?

— “Ушундай, Курманбек Салиевич, чыгып кетишиң керек! Эмне, согушайын деген оюң барбы?” деп суроо берди. Мен Назарбаевге, “Менин деле бул жакта согушайын деген оюм жок!” деп кыска эле айттым. Ак үйдүн айланасында, тегерегимде курал менен жүргөн адамдар көбөйүп калды. Мен аларды көрдүм. Мен СГОнун башчысы катары Жаныш инимди чакырып, “…булар кимдер?” деп андан тактап сурадым. Күзөттө жүргөн кээ бир балдарды коркутуп алып кетишкен. Ал тургай, мени кайтарып жүргөн жан сакчыларыма Бишкектен телефон чалышып, “…бизде, силердин балдарыңар кайда окушканы, үй-бүлөөңөр, кайда жашай турганы боюнча так маалыматтар бар, баарын билебиз! Бакиевди таштап кетпесеңер чатак болот…” деп коркутушкан учурлар болуптур. Аны мен кийин гана билип отурам.

— Жан сакчыларыңыздын тагдыры коркунучта калган учурда, кандай абалда калдыңыз?

— “Аны мен кийин Тейитте гана билип отурам. Мени кайтарып жүргөн жан сакчыларымды өзүмө чакырып, аларга өз ыраазылыгымды айтып: “курал-жарактарыңарды тапшырып, үйлөрүңөргө кеткиле!” деп коё берүүнү ойлодум. Алар да: “ Курманбек Салиевич, биз курал-жарагыбызды, сизди таштап кете албайбыз!” деп көшөрүп болбой коюшту. Кантсе да менин коопсуздугумду карашып, көп жылдан бери бирге жүргөн жан сакчыларым эле да. ” Жок! Мен силерге ыраазымын. Жигиттер, койгула, үй-бүлөңөргө кеткиле!” деп өзүм уруксат бердим. Ооган согушуна катышкан балдар болчу, жаш балдар эмес эле.

— Мындайча айтканда, жан сакчыларыңызды өзүңүз эле коё берген экенсиз да?

— Ооба… Алар да менин жанымдан кетишпей, “… биз сиздин коопсуздугуңуз үчүн жооп беребиз. Мындай абалда сизди бул жакка таштап кете албайбыз!” дешет. “Жок! Мен сиздерге ыраазымын, бала-чакаңарга, үйүңөргө баргыла!” деп жан сакчыларыма чын дилимден ыраазы болдум.

 Ошол эле учурда, жан сакчыларыңыз да сиздин тагдырыңыз үчүн жоопкер болчу да… Туурабы?

— Албетте! Эң кыйын учурда, менин коопсуздугумду карап, өздөрүнүн өмүрлөрүн тобокелге салып жүргөн жан сакчылырыма ыраазымын, аларды көп эстейм…

 Ошол жоопкерчиликти, сиз алардан алып салып жатасыз го… Алар деле сизди таштап кете алышпай аябай кыйналышса керек!

— Туура. Мен алардын үй-бүлөсүн, балдарын, келечек тагдырын ойлодум… Ошон үчүн алар эч кимге байкатпай Бишкекке жөнөп кетишти. Алардын тагдыры да меникинен жеңил эмес болчу. Мени таштап кете алышпай аябай кыйналышты. Тапанчаларын таштап кете алышпай турганын айтышты. Мен аларга ыраазычылыгымды айттым.

— Сизге, президенттер Путин, Лукашенко, Назарбаевдер өздөрү телефон чалыштыбы? Же өзүңүз байланышка чыктыңыз беле?

— Өздөрү эле байланышты… Мен аларга телефон чалганым жок! Мен өзүм эч кимисине да телефон аркылуу чалбадым. Нур аке да өзү чалды. Ал кез бирөөлөргө телефон чалып, байланыша турган абал эмес болчу. Түшүңө кирбеген окуялар болуп жатса. Кимге чалмак элем. Мен өзүм, бир гана Бордюжага телефон чалдым…

— Эмне үчүн?

— Анткени, ага да ОДКБнын башчысы катары телефон чалдым да: “Бул эмне деген нерсе, ушундай курал-жарак менен мамлекеттик төңкөрүш жасап, бийликти басып алып бийлик башына келсе боло береби? Кандай дейсиз…” дедим. Ал эми, Бардюжа: “Туура эмес болуп калды… Бирок, ОДКБнын киришкенге укугу жок!” — ​деп суроомо жооп берди.

— Сиз Бардюжага эмне деп айттыңыз?

— “Анда мейли!” дедим.

 Президенттик кызматыңызды өткөрүп берүү чечимине качан келдиңиз?

— Бир жумадан ашып кеткенден кийин гана ошондой чечимге бардым го… Ойлонуп туруп койчу эми дедим.

— Сиз, жеке керт башыңыз менен балдарыңыздын тагдырын биринчи планга коюп, аларды гана ойлоп ушундай кадамга бардыңызбы же…

— Жок… Өлкөдөгү абал оор болуп баратканы, мени өтө кыжаалат кылды. Ошентип, тогуз күндөн кийин гана мен “Койчу, тырмышып отура бербей! Бийликтен кетейин” деген чечимге келдим. Акыры бийликтен кетүүгө аргасыздан макул болдум…

— Белоруссиянын президенти Александр Лукащенко Кыргызстандагы 7-апрелдеги окуяны революция эмес, мамлекеттик кандуу төңкөрүш!”- деп айткан сөзүнө ынансызбы?.

— Албетте, Александр Григоривичтин бул айткан сөзүн менен колдоп кетет элем. Эгерде мен өз каалоом менен кызматымды таштап кетпесем, абал мындан да оор болот эле. Абал эч качан тынчыбайт болчу. Мен анан Лукашенкого телефон чалдым…

 Жеке өзүңүз үчүн ошончолук оор болуп жатса да, өз элиңиздин тагдырын ойлодуңуз да. Туурабы?

— Ооба… Керек болсо, менин жеке тагдырымдан да өлкөмдүн тагдыры башкы орунда турду. Мен кетпесем, абал тынчыбайт болчу. Канчалык убакыт өткөн сайын абал мындан да оорлоп, курчуп, татаалдашып кете бермек… Бийликти менден тартып алабыз дегендер Кыргызстандын тагдырын, Конституцияны бузуп жатышканын ойлоп да коюшкан жок. Алардын баштарында, элдин канын төгүп, мамлекеттик куралдуу кандуу төңкөрүш жолу менен болсо да Бакиевди бийликтен кетирүү, башкы максаттары болду.

 Өлкө боюнча деле ар жерлерде митингдер чыгып, абал чындап эле курчуп турган оор учур болчу.

— Биз уюштурбасак деле, митингдер Жалал-Абадда, башка жер-жерлерде токтобой, эл чогулуп митингдер болуп жатты. Биз кийин Ошко, эл менен жолугушканы бардык…

— Ала-Тоо аянтында кан төгүү болуп, сиз Ак үйдү таштап Ошко учуп кетүүгө аргасыз болдуңуз. Ошол кездеги шаар башчысы Мелис Мырзакматов биз Сузакта, Тейитте жүргөнүңүздө барып: “элди чогултуп, сизди коргоп берем!” деп чоң суммадагы акча каражатын алып Ошко кеткенин жанында кошо барган адамы мага айтып берген эле. Сизди колдогон көптөгөн адамдар менен Мелис Мырзакматовго ишенип сиз Ош шаарына барганыңызда, шаар тургундары сиздерди колдобой ташбараңга алышып: сиздер экинчи борборубузду таштап, Жалал-Абадга кайтып кетүүгө аргасыз болгонуңуздар эсимде. Бирок, менин укканыма караганда, Мырзакматов Ошко кайтып келгенде Убактылуу Өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров “биз тарапка өтсөң Оштун мэри бойдон каласың. Болбосо, арызыңды жазып, кызматтан кет!” дегенде, ал сизди колдоонун ордуна Убактылуу Өкмөт тарапка өтө качкан эле. Бул сөздү Азимбек Бекназаров мага айтып берген болчу…

— Ошко, эл менен жолукканы барганда, өлкөдө абал кандай экенин элге айтып, түшүндүрүп берейин деген оюм бар эле. Ал эми Жалал-Абадда эл менен жолукканда, элге өлкөдөгү абалды түшүндүрүп айтып бергенмин. Кийин аягын-быягын карап, ойлонуп отуруп, тогуз күндөн кийин өлкөдөн чыгып кеттим.

— Жогоруда айттым, Мелис Мырзакматов Тейитке келип, сиз мененби же инилериңиз мененби жолугуп Ошто сизди колдоп, митингге элди алып чыгабыз деп каражат алып кеткени чын беле?

— Бул маселени Мелис Мырзакматовдун өзүнөн сураш керек го. Мен Ошко учуп барганда, Оштун губернатору менен Мырзакматов аэропорттон мени тосуп алышып, резиденцияга алып барышкан.

 Ошко учуп барганыңыздабы?

— Ооба…

 Сиз эмнеге Оштогу резиденцияда калбай, Жалал-Абадга жөнөп кеттиңиз эле?

— Мен жан сакчыларым менен түнөй турган жерге барып, көрдүк. Биз коопсуздук жагын карадык да, Оштон чыгып кетүүнү туура эле көрдүм…

— Тууган-уруктарыңызга, таянып бардыңыз беле?

— Ал жерде менин атамдын, бир туугандарым Жусупбек, Каныбектердин жашаган үйлөрү бар эле. Башка кайда бармакмын…

— Ошто калуу деле сизге опурталдуу болчу да. Ал жакта калууга болбойт эле…

— Ооба…

— Ушул жерде бир суроо туулат да. Курманбек Салиевич, өзүңүз өлкөнүн башкы командачысы катары, күч структуралары–УКМК, ИИМ, Коргоо министрлиги кол алдыңызда туруп, өлкөдө бийлик алмаштырууга, мамлекеттик кандуу төңкөрүш боло турганынан кабарсыз болгонуңуз таң калыштуу. Балаңыз Марат, ошол кезде УКМКны көзөмөлдөп турган белдүү кызматкери, ал эми бир тууган иниңиз Жаныш Бакиев СГОну башкарып турган эле. “Мага кабар жетпей калыптыр” десеңиз, сизге эч ким ишенбейт болчу. “Буга чейин болуп келген көп митингдердин бири, күч түзүмдөрүнүн күчү менен басып салабыз!” деп оппозициянын күчүн тоготпой койгон жоксузбу? Ал эми, мамлекеттик төңкөрүш болгонун алгач кимден уккан элеңиз? Ошондой эле кандай чараны колдонууну көздөдүңүз…

— Эсиңде болсо керек, Бекен, бул жанагы мен президент болуп шайланып келгенге чейин эле өкмөт башчысы болуп, кийин президенттин милдетин аткаруучу болуп иштей баштаганымда, президенттикке келгениме чейин эле “Бакиев кетсин!” деп ошо күндөрү эле митингдер башталган эле. Ошол мезгилде, мен ак үйдө кабинетимде иштеп отурам, ал эми жаштар байрактарын көтөрүп алышып “Бакиев кетсин!” деп кыйкырып жүрүшөт. Менин иштеп жатканыма болгону эки эле жума болгон эле. Жөн эле кыйкырып жүрүштү. Эмнеге кетишим керек эле. Бул жерде ачыгын айтканда, тымызын көп иштер болгон. Мен ойлонуп жүрдүм…

— Жанагы Барктабасов деген сиз эл менен жолугуп жүргөнүңүздө Ак үйдү басып алган беле?

— Жок… Мен шайлоочулар менен жолукканы Сокулукка, барган элем. Ошондо, Ак үйгө басып киришкен эле. Анда Барктабасав эмес болчу, кийин болгон болсо керек эле… Кийин дагы бирөөлөр аракет кылган деп уккан жайым бар болчу. Президенттик шайлоо башталып, мен эл менен жолукканы чыгып кеткен элем. Анда да аракет кылышкан. Эки жылдын ичинде бир жарым миңдей митинг болгон тура, эсептегендер да болушкан экен.. Мен өзүм анысын эсептеп чыккан жок элем. Мен, алтысында болгон Таластагы окуяны ал күнү уккан жокмун. Эртеси гана мен жумушка келгенимде гана бийликке каршы чыккандар обладминстрацияны басып алышып, ал эми Талас областынын губернатору Бейшен Болотбековду барымтага алышканын уктум. Анан…

— Таласка командировкага барып, бийликти басып алабыз деген агрессивдүү, бийликке баш ийбеген оппозициянын мүчөлөрү ИИМ министри, генерал Молдомуса Конгантиевди кандайча сабашып, тепкилеп урушкандарын, өз генералын кандай кордошкондорун теледен көрүп турдук. Конгантиевди Таласка жибербей турсам болмок экен деген өкүнүч сизде болду беле?

— Молдомуса Конгантиевди уруп-сабашып, токмоктошконун, урушканын, өлтүрөбүз дешкенин мен 7-апрелде жумушка келгенимде гана угуп жатам. Себеп дегенде, булардын куралдуу төңкөрүшкө барууга шылтоолору жок болчу. Бизде экономикалык жактан көрсөткүчтөрдү алсак, Кыргызстан эгемендүүлүктү алган жылдарга салыштырмалуу экономикалык көрсөткүчтөрүбүз абдан жогору болгон. Биринчи кварталда эле, 2010-жылы, эле он алты пайызга жогору деңгээлге чыккан болчу.

 Текебаев өз сөзүндө, “Бакиевди азыр кетириш керек, ал дагы экономиканы өстүрүп, алдыга кетсе кетирүү кыйын болуп калат!” деген экен.

— Элдин акчалары банктарга салына баштаган. Биз деле жөнөкөй митингдердин бири деп ойлогонбуз. Бул боюнча мен өз китебимде булардын бардыгын жазганмын.

— Сиз башта болуп келген митингдердин бири эмес экенин качан байкап ынана алдыңыз?

— Мен, булар тынчтык митингге келген эмес экенин, менин кабинетиме снайпердин огу келип тийгенде гана билип отурам. А, кокуй, булардын ою башка экен деп түшүндүм… Мен ошондо гана ошондой ойго келдим…

— Президент Бакиевди жок кылуу боюнча, оппозиция менен бирге анын артында колдоп турган чоң державанын тапшырмасын аткарганы келген көзгө атар мерген, снайпер адам сизди мээлеп туруп аткан кезде гана, Ак үйдүн айланасындагы бул ызы-чуу тынчтык митинги эмес экенин түшүнгөн турбайсызбы?

— Эгерде, мен ошол жерде алардын колуна түшүп калганымда, тирүү чыкмак эмес экенмин…

— Анда Талас жергесинде, генерал Конгантиевге көрсөтүшкөн кордукту сизге да жасашмак экен да…

— Ооба. Мен Ак үйдөгү кабинетимден Ала-Тоо аянтындагы окуяны карап турдум. Аянтта курал-жарактан атып жаткан адамдар да өздөрүн көзөмөлдөй албай, адекватный кармай алышпай жүрүштү. Кандай дейсиң, мас адамдардай, бир нерсе тартып алгандай жүрүштү. Алар Ак үй тарапты атып жатышты. Ошол эле учурда Ак үй тараптан да жооп болуп жатты. Ок атылып жатканда жок дегенде башыңды жерге ийесиң да. Туурабы? Булар көрсөтүштү го, көкүрөктөрүн ачышып, “… ат, ат эле ат!” деп бакырып-өкүрүп жүрүштү. Мен кийин деле уктум, Мамакеев деле айткан экен го.

— Мамбет Мамакеев өзүнүн врачтарына, “Ала-Тоо аянтынан жарадар болуп келгендерге наркоз бербей эле операция жасай бергиле!” деп айтканын мен дагы угуп жүрөм.

— Аянттан ок тийип, жарадар болуп келгендер каткырып, күлүп келишкенин көрүп, Мамакеев врачтарына карап, “Буларга наркоз бериштин кереги жок. Булар операция кылганга даяр болуп келишиптир!” деген экен. Акыл-эси жайында адам андай болбойт да.

 Сиз отурган кабинетке снайпердик мылтыктан ок атылган соң, сиздин коопсуздугуңуз үчүн жан сакчылыраңыз Ак үйдүн ортосундагы кабинеттердин бирине которушканы чынбы?

— Ал мындай болду. Менин эс алуучу бөлмөмдүн арт жагында туалет бар. Мен ошол жакка өткөнүмдө ок атылып, ошондо эшиктин үстүндөгү шыбагы түшүп кетти.

 Анда сизди, Тарых музейи тараптан аткан болобу?

— Ооба. Ошол жактан атышты.

 Жогоруда Молдомуса Конгантиев туурасында сөз болуп кетти го. Эми, ошондой опурталдуу, өлкөдө кырдаал саат сайын өзгөрүлүп турган учурда Таласка ИИМ министрин эмес анын орун басарларынан бирөөсүн жөнөтсө болот беле?

— Мен жеке өзүм, президент катары Молдомуса Конгантиевди Таласка жөнөткөн эмесмин. Мен кийин гана уктум, Конгантиевди сабашып жатышканда да, ал “мени руководство жөнөттү!” деп айтып жатпайбы. Аны кыйнашып, “Бакиев жөнөттү!” деп айткын дегендей коркутуп айтып жатышты.

— Талас жергесиндеги тополоңдун артында, маркум Болот Шер турган дешет. Ал кезде, оппозицияда жүргөн Отунбаева менен жакшы мамиледе болчу. Болот Шерди Талас жергесинде оппозициянын өкүлү катары, жакшы билишчү. Анын тарапташтары Конгантиевди УВДнын имаратында отурган жеринен кармап алып, аны таяк, арматура ж. б. нерселер менен сабашып, тепкилеп урушуп, бети-башын жарып жарым жан кылып сабашып, Туу турган жерге алып барып асып өлтүрөбүз дешкен. Жанагы Ташчайнар деген каймана аты бар жигит бычак менен сайгылап, “Бакиев мени жөнөттү!” деп айт” деген сөздөрүн эл да уккан. Өмүрү кылдын учунда турганына карабай, Конгантиев сиздин атыңызды айтып, саткан жок. Молдомуса Конгантиевди Талас шаарында мыкаачылык менен жарым жан кылып сабашканын Россиянын ОРТ телеканалынан көргөндө, кандай абалда калдыңыз? Ал жакка жөнөткөнүңүзгө өкүнүп калган жоксузбу?

— Мен дагы айтып кетейин, мен өзүм Конгантиевге ага түздөн-түз Таласка бар деп эч кандай команда берген эмесмин. Мындай кырдаалда ИИМдин министринин кызматын ээлеген адам, сөзсүз түрдө борбордо болушу керек эле. Албетте, ИИМдин орун басарларынан бирөөнү жөнөтсө да болмок.

— Роза Отунбаева ошол Талас жергесиндеги эрдигин баалап, ал кездеги капитан Болот Шерди ИИМ министри кылып, генерал-лейтенант деген чинди берген болчу. Конгантиевдин жарым жылаңач денесин, бети-башынын тамтыгы калбай кансырап турган абалын көргөн милиция кызматкерлеринин духу заматта өчтү. Сталинграддын алдында жыйырмага жакын генералдары менен колго түшкөн фельдмаршал Паульсту советтик солдаттар маңдайына чертип кордошкон эмес. Бул эмне деген жапайычылык! Мындай жапайычылык кайдан келди…

— Мага бул жакка деле кабар келди. Таластык аксакалдар деле келишип, ИИМ министри Молдомуса Конгантиевди сабагандардын кебетелери жергиликтүү жигиттерге, балдарга окшобогон адамдар деп айтышкан экен. Ушундай сөздөр болгон. Чындыгын мен билбейм, бирок ушундай сөздөрдү уктум.

— Сизге да белгилүү болгондой, тунгуч президентибиз Аскар Акаев да көп жылдардан кийин Кыргызстанга кайтып келүү мүмкүнчүлүгүн алды. Ал тургай Кыргызстанга учуп келип, УКМКнын тергөөчүлөрүнүн кызыккан суроолоруна жооп берип, жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.

— Менин да бул иштер боюнча маалыматым бар…

 Кандуу төңкөрүш жолу менен бийлик башына келген Алмазбек Атамбаев биринчи күнүнөн баштап сизди элибизге жек көрүндү кылып, жамандоо менен “Бакиев канкор, өз элин аттырган!” деп жүрүп эч кандай экономикалык реформа жасабай, президенттик мөөнөтүн сизди каралоо, жамандоо менен текке өткөрдү. “Ууру адам, түрмөдө отурушу керек!” деп жүрүп, бүгүн, Атамбаев өзү түрмөдө отурат. Ондон ашык жылдардан кийин сизге да өз чындыгыңызды кыргыз элине айтуунун сааты келди окшойт. Атамбаевдин бийлиги сизди сыртыңыздан эле соттоп каралап, эч кандай жактоочуңуз соттук отурумдарга катышпаса да сыртыңыздан гана өкүм чыгартып койгону элибизге белгилүү. Азыркы президентибиз, өзүнүн чыныгы демократ, патриот экенин көрсөтүп, сыртта жашап жүргөн эки президентибизди тең, ак болушса ак экендиктерин далилдеп соттон актанып алышсын деген эң калыс сөзүн айткан жери бар эле. Сиз дагы Кыргызстанга кайтып келүү жагын карап, өз чындыгыңызды карапайым элибизге айтып, ак экендигиңизди далилдөөгө даярданып жатсаңыз керек. Президент болуп турган учуруңузда кетирген кемчиликтериңизди моюндап, моралдык жактан болсо да элибизден кечирим суроого, УКМКнын тергөөчүлөрүнө сурак берүүгө даярсызбы?

— Мен кайсыл убакта болсо да даярмын… Силердин гезитиңер аркылуу өлкөнүн жетекчилигине, жалпы кыргыз элине качан болсо да жооп берүүгө, өзүмдүн кадыр-баркымды, ар-намысымды коргоп алууга даярмын…

— Менин укканыма караганда, балаңыз Максимдин айланасындагы бир чырлуу ишке байланыштуу Лондон шаарында өтүп жаткан соттук отурумга, онлайн түрүндө катышкан экенсиз. Ушул иш боюнча биздин гезиттин окурмандарына түшүндүрө кетсеңиз жакшы болот эле.

— Абдан жакшы суроо болду. “… Максим Бакиевдин үстүнөн британиялык жараан, бизнесмен Шон Дейли Лондондогу эл аралык сотко арыз менен кайрылат. Анан ал жактан “Сиз соттук отурумга онлайн түрүндө катыша аласызбы же жокпу!” деп мага кайрылышты. Бул жерден, видео-конференция аркылуу кайрылуу боюнча катышканбыз. Улуу балам Марат мен болуп онлайн аркылуу ал соттук отурумга катышкан элек. Бул соттук отурум толугу менен актады. Ал эми уулум Максимди, бизди каралап сотко кайрылган кишини тааныбайт деле экенмин. Анын өзүнө, өтө чоң суммадагы айып пул салынды. Анан соттун чечими, жыйынтыгында ушундай жазылган: Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, ушул кылмыш ишинин боюнча кылдаттык менен принципиалдуу түрдө караган жок. Бир жактуу карагансыңар деп айыпташты.

— Курманбек Салиевич, сиз мына Лондон шаарында онлайн түрүндө өткөн эл аралык соттук отурумдун бизге ыңгайлуу жагын айтып өттүңүз. Мына ушул нерсени бизде колдонсо болбойт беле. Мисалы, буга чейин Атамбаев каалагандай анын чөнтөк соттору, прокурорлору, тергөөчүлөрү сиздин үстүңүздөн эле сиздин жактоочуңуз жок эле, бир жактуу, сыртыңыздан эле соттоп жиберген эле. Эми, мезгил баштагыдай эмес. Президентибиз Садыр Жапаров сотторго эркиндик берип, чыркыраган чындыктын гана үнүн уккусу келип жаткан учур. Башкы прокуратура, ИИМдин тергөөчүлөрү менен онлайн түрүндө болчу соттук териштирүүгө сиз макулсузбу?

— Мен канча убакыттан бери эле, Эл аралык кайсыл сот болсо да катышууга даярмын. Өзүмдүн ар-намысым үчүн президент Бакиев деген фамилиямдын тарых барактарында, элибиздин алдында таза бойдон калышы үчүн баарына даярмын. Бизден кийин да менин неберелерим “Бакиев” деген фамилиядан баштарын бийик көтөрүп жүрүшүн каалайт элем. Мен чындыктан качпай турган адаммын. Мен ошол чындык, акыйкаттык дегенге азыр суусап турганымды айта кетейин. Менин үстүмдөн чыккан соттун чечимдерин ушул убакка чейин көрө элекмин. Болбосо, Кыргызстандын жетекчилиги менин кай жерде жашап жатканымды билет. Минск шаарында резиденцияда жашап жатам. “Курманбек Салиевич, сизге момундай иш боюнча күнөөлөрдү коюп жатабыз. Эмне дейсиз?” деген адам жок. Азыркы учурда өлкө башчылары бири-бири менен жолуга алышпай, чоң жыйындарга катыша албай онлайн аркылуу сүйлөшүп жаткан учур. Ал эми, биздин соттук териштирүүлөрдү Лондон сотундай өткөрө алышпайт бекен. Каалашса болмок. Лондон соту өткөрдү го. Макул дешсе кана, мен аларга ыраазы болот элем.

 

Маектешкен Бекен Назаралиев

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>