Ысык-Көлдүн милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктун себебин атады

Ысык-Көлдүн милициясы үй-бүлөлүк зомбулуктун себебин атады

Ысык-Көлдө облустук милициянын жетекчилиги үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар менен жолугушууларды өткөрүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, жолугушуулардын максаты үй-бүлөлүк зомбулук көйгөйлөрү боюнча маалымдуулукту жогорулатууга жана алдын алууга, жер-жерлерде укук бузуулардын ушул түрүнөн жабыр тарткан жарандарга укуктук жана психологиялык жактан жардам көрсөтүүгө багытталган.

Дем алыш күндөрү Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев, Ак-Суу районуна жана Каракол шаарына барып, коргоо ордерлеринин талаптарынын аткарылышын текшерип, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандардын жашоосу жана турмушу менен таанышты.

Жолугушуу учурунда ал үй-бүлөлүк жана турмуш-тиричилик мамилелери чөйрөсүндөгү кылмыштардын жана укук бузуулардын алдын алуу, милициянын башкы милдеттеринин бири экендигин белгиледи. Укук бузуунун бул түрүнөн жабыр тарткандар көбүнчө аялдар.

Үй-бүлөлүк зомбулуктардын себептери ар кандай болушу мүмкүн. Көбүнчө үй-бүлөлүк зомбулуктун орун алышына спирт ичимдиктери себеп болот. Анын кесепетинде үй-бүлөдө чыр-чатактар чыгып, уруп-сабоо учуру менен аяктайт.

«Үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар, үй-бүлөдөгү мамилесин бузуудан көп коркушат. Ошол эле учурда, мындай көрүнүштү ачыка чыгарбоо менен жаңы зомбулуктун орун алышына шарт түзөрүн ойлошпойт. Жада калса милицияга кайрылган жабырлануучулар кийин өз дооматтарынан баш тарткан учурлар да көп кездешет», — деди ал.

Акылбек Бекишев үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандар жана бул укук бузуу фактысын кылган жарандар менен маектешип жатып, мындай учурлардын кооптуулугу  -бул укук бузуунун түрү оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин түшүндүрдү. Жазасыз калуу кыйла катаал учурларга түрткү берет. Бул өзү ден-соолукка оор зыян келтирүүгө, ошондой эле өзгөчө оор кылмыштарды жасоого алып келиши мүмкүн.

Акырында Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары Акылбек Бекишев аймактык милиция жетекчилерине жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тапшырмаларды берди. Мындан тышкары, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыр тарткандарга өздөрүнүн ден соолугун жана өмүрүн сактап калуу үчүн, ошондой эле мындан терс көрүнүштөргө орун бербөө максатында укук коргоо органдарына милдеттүү түрдө кайрылууну сунуш кылды.

Мындай жолугушуулар Ысык-Көл облусунун бардык аймактарында өтөт.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>