Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Куудул Жакут Сыдыковдун иниси Бишкектен кырсыктап каза болду
28.12.2020 | 14:50
Куудул жана ырчы Жакут Сыдыковдун бир тууган иниси Чыңгыз Сыдыков кырсыктап каза болду. Бул тууралуу Жакут Сыдыков өзү билдиргенин “super.kg” жазды.
“Жалгыз иним бар эле, ал үй-бүлөсү менен Нарында жашачу. Кечээ, 27-декабрда Бишкекте кырсыктап каза болду. Жүк ташуучу унаа айдап иштечү. Унааны токтотуп, дөңгөлөктүн алдына башын салып, тетиктерди карайын деп жатканда бир нерсе жарылып кетиптир. Алган жаракатынан улам дароо каза болуптур. Артында жубайы менен 5 баласы калды”, – дейт Жакут мырза.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом