«Кычан Жакыпов» сейил багы этно паркка айланат. Эскиздери

«Кычан Жакыпов» сейил багы этно паркка айланат. Эскиздери

Бишкектеги Абдрахманов менен Мичурин көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Кычан Жакыпов атындагы сейил багы оңдолуп, этпо паркка айланат. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирет.

Сейил бакты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүү иштерин «Бакай банк» ААКсы толугу менен өз мойнуна алат. Бүгүн министрлик менен банктын ортосунда макулдашууга кол коюлду.

 «Бардык иштерди жасоодо Кыргызстандын “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамынын талаптары сакталат», — деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, Маданият министрлиги аталган сейил бакты толук реконструкциялоо жана аны ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү ушул жылдын февраль айында баштаган. Ал эми аны мыйзам чегинде ишке ашыруу жана укуктук документтерди жолго салуу бүгүн, 2023-жылдын 19-июнундагы кол коюлган макулдашуу болду.

Мындай кадам шаар тургундары жана меймандар үчүн маданий эс алууга шарт түзүп, сейил бакты максаттуу пайдаланууга багыт алат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>