Сокулукта жарандык никедеги аялын өлтүргөн кишиге сот өкүмү чыкты  

Сокулукта жарандык никедеги аялын өлтүргөн кишиге сот өкүмү чыкты  

Сокулук райондук соту 40 жаштагы Л.Ю.В. аттуу адамды жарандык никедеги аялын өлтүргөндүгү үчүн 12 жылга эркинен ажыратты. Бул тууралуу Чүй облустук сотунун өкүмүндө айтылат.

Маалым болгондой, айыпталуучу мас абалында чыр-чатактын жүрүшүндө жарандык никедеги аялын бычак менен сайып салган. Аял алган жараатынан улам каза болгон. Биринчи инстанциядагы сот аны эркинен ажыратуудан тышкары, жабырлануучулардын пайдасына 100 миң 550 сом материалдык зыян жана 100 миң сом моралдык чыгымды өндүрүп берген.

«Өкүмгө макул болбогон айыпталуучу Чүй облустук сотуна апелляциялык арыз менен кайрылган. Ал кылмыш ишин кайра карап, жазасын жеңилдетүүнү суранды. Соттук отурумдун жүрүшүндө айыпталуучу күнөөсүн жарым-жартылай мойнуна алганын айтты. Эркек аялын өлтүрүү ниети жок экенин билдирген. Маркум менен жарандык никеде дээрлик беш жыл жашаган. Жубайлар чогуу ичимдик ичип жатып уруша кетишкен. Окуя болгон күнү Л.Ю.В. кайра ичип алган, окуя кандай болгонун эстей албайт. Айыпталуучу канды көрүп, өзү милицияга барып, окуя тууралуу билдирген», — деп айтылат соттун өкүмүндө.

Чүй облустук соту айыпталуучунун апелляциялык арызын карап, анын баш коргоо чарасы боюнча гана өкүмүн өзгөрттү. Л.Ю.В.нун бир күнү СИЗОдо эки күн деп эсептелген. Сокулук райондук сотунун чечиминин калган бөлүгү күчүндө калтырылды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>