Күйүүчү май куючу жайлар жабылып калуу коркунучунда

Күйүүчү май куючу жайлар жабылып калуу коркунучунда

Нефтетрейдерлер ассоциациясы бензин, дизель майына болгон бааны кармап туруу өлкөдөгү май куюучу жайлардын жабылышына алып келет. Бул туурасында аталган мекемеден билдирди.

Маалыматка караганда, күйүүчү май рыногундагы учурдагы оор кырдаалга өтө тынчсызданышууда. Алар октябрдын башында Орусияда мунайды кайра иштетүүчү заводдордо баанын кескин жогорулаганын эскертишет. Баалар 2021-жылдын сентябрынан тарта тоннасына 100 доллардан ашты. Орусияда мунайга болгон баанын өсүшүнө суроо-талаптын жогорулашы жана чектелген сунуш таасир эткен.

«Октябрь айында Кыргыз өлкөсүнө күйүүчү майды жеткирүүнүн баасынын кескин өсүшү республиканын бардык региондорунда 40тан ашуун май куюучу жайлардын сакталышына таасирин тийгизди. Күйүүчү майдын баасын ички рынокто мындан ары кармоо бүтүндөй республика боюнча май куюучу жайлардын ишин токтотууга алып келет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз жергесинде күйүүчү майдын баасы май куюучу жайдын стеласында көрсөтүлгөн чекене баадан 8,9 сомго жогору.

Нефтетрейдерлер ассоциациясы калкты жана бийликти күйүүчү май рыногундагы учурдагы абалга түшүнүү менен мамиле кылууну суранат. Мунайга жана мунай продуктыларына баанын өсүшү дүйнөлүк тенденция, ал эми Кыргыз өлкөсү импорттон көз каранды болгондуктан тышкы факторлордун таасирин тең салмактай албайт.

Күйүүчү майдын чекене баасын 2021-жылдын аягына чейин беките ала турган жалгыз механизм — мунай продуктыларына салык салуу системасын убактылуу жөнгө салуу», — деп айтылат ассоциациянын билдирүүсүндө.

Ассоциациянын эсептөөлөрү боюнча, мындай чаралар күйүүчү майдын баасы литрине 8,9 сомго кымбаттоону жыл аягына чейин жылдырат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>