Кылмыш үчүн моралдык кенемтенин өлчөмүн көбөйтүү сунушу каралды

Кылмыш үчүн моралдык кенемтенин өлчөмүн көбөйтүү сунушу каралды

Бүгүн, 15-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү» мыйзам долбоору биринчи окууда каралды.

Мыйзам долбоору Дастан Бекешев, Карим Ханджеза, Винера Раимбачаева, Марлен Маматалиев, Жанарбек Акаев, Эльвира Сурабалдиева, Сеидбек Атамбаев, Данияр Төлөнов тарабынан демилгеленген.

Жыйында баяндама жасаган демилгечи депутаттардын бири Дастан Бекешев мыйзам долбоору жабыркагандардын жана алардын жакын туугандарынын укуктарын коргоо максатында иштелип чыкканын белгилеп: “Ага ылайык, коюлган чектөөнү алуу менен моралдык компенсациянын суммасын моралдык жана дене бойго келтирилген залалдын, ошондой эле келтирилген адептик запкынын оордугуна жараша дайындоо сунушталууда”, – деди.

Талкуу маалында депутат Айбек Осмонов компенсациянын башталгыч суммасын белгилөө керектигин айтып, оор кылмыштарга карата өзүнчө өлчөм каралышы керектигин кошумчалады. “Эгер чек коюлбаса, соттордун каалагандай компенсация чегерүүсүнө өбөлгө түзүлөт”, – деди эл өкүлү.

Ал эми депутат Бактыбек Чойбеков мыйзамдын концепциясын колдоорун айтып, моралдык зыян тууралуу түшүндүрмөнү тактай кетүүгө чакырды.

Ошондой эле депутат Сүйүнбек Өмүрзаков адамды мыкаачылык менен өлтүрүп, конпенсация төлөп, камактан чыгып кетиши туура эместигин белгилеп, өзгөчө оор кылмыштардын мүнөзүн эске алуу менен долбоорду кеңири талкуулоо керектигин кошумчалады.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынды.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>