Равшан Жээнбеков менен Али Шабдан камакта калтырылды

Равшан Жээнбеков менен Али Шабдан камакта калтырылды

Кемпир-Абад иши боюнча кармалган саясатчы Равшан Жээнбеков менен активист Али Шабдандын камактагы мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.

Маалыматка караганда, бүгүн, 15-февралда алардын баш коргоо чарасы каралган. Соттун чечимине ылайык, алар 20-апрелге чейин №1 тергөө абагында камакта болушат.

Учурда Равшан Жээнбеков дарылануу үчүн жеке клиникага жаткырылган.

Буга чейин Орозайым Нарматова менен Нурлан Асанбековдун бөгөт чарасы каралып, алар 20-апрелге чейин үй камагында калтырылган.

Эскерте кетсек, 2022-жылы 22-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычын коргоо комитети түзүлгөн. Анын курамына активисттер, саясатчылар жана депутаттар кирген. 23-октябрда массалык тинтүү иштери башталып, 20дан ашык адам кармалып, алар 48 саатка камалган.

24-октябрда Бишкек шаарында Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы жердин Өзбекстанга берилишине жана активист, саясатчылардын камалышына каршы жөө жүрүш өткөн. 25-октябрда Биринчи май райондук соту тарабынан алар эки айга камакка алынган.

Активист жана саясатчылардын камалышы боюнча ИИМ түшүндүрмө берип, Кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси «Массалык баш аламандыктарды уюштурууга даярдануу» менен козголгон кылмыш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканын билдирген.

Буга чейин аталган иш боюнча камалгандардан Мамбетжунус Абылов менен Перизат Суранова ооруканага жаткырылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>