Кылмышка шектүү малды базарга сатып жаткан жеринен кармалды

Кылмышка шектүү малды базарга сатып жаткан жеринен кармалды

Кылмышка шектүү уурдап алган малын Талас шаарындагы мал базар сатып жаткан жеринен кармалды. Бул туурасында Чүй облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнө Жайыл айылынын, Суусамыр айылынын тургуну мал (жылкы) уурулук фактысы боюнча арыз менен кайрылган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурдоо) беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы кылмышка шектүү делип, 18 жаштагы К.Д. Чүй облусунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Алдын
ала маалыматтарга караганда, кылмышка шектүү Талас шаарындагы базарда уурдалган малды сатуу учурунда кармалган.

Учурда уурдалган малдар алынып, арыз ээсине кайтарылды. Милиция кызматкерлери жогорудагы адамдын ушул сыяктуу башка кылмыштарга катыштыгы бар-жоктугун текшерүүдө, тергөө иштери уланууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>