Жаран мүлктү сатуудан пайда көрбөсө салык төлөбөйт

Жаран мүлктү сатуудан пайда көрбөсө салык төлөбөйт

Жаран өз мүлкүн сатуудан пайда көрбөсө салык төлөбөйт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында салык кызматынын төрагасынын орун басары Исламбек Кыдыргычев билдирди.

Анын айтымында, мүлктү бир жыл ичинде саткан жаран ал ишкерлик менен алектениши ыктымал. Андыктан ал киреше салыгын төлөшөт.

“Ар бир ишти өзүнчө карап жатабыз. Баасы ашыкча көрсөтүлүп калгандарды азайтып беребиз. Санкция, туумдар жоюлуп, 50 пайыздык арзандатуу дагы бар. Бир жыл ичинде мүлктү өз баасына эле кайра сатса салык төлөбөйт”, — дейт Исламбек Кыдыргычев.

Салык кызматынын төрагасынын орун басарынын айтымында, бул талап 2008-жылдан бери эле иштеп келе жатат.

“Бирок Салык кызматында мүлктү алып-сатуу боюнча маалымат жок эле. Бир гана Бишкектин Биринчи май району боюнча берилчү. Азыр “Кадастр” кызматы менен келишимдин негизинде маалымат алмашып турабыз”, — дейт Исламбек Кыдыргычев.

Белгилей кетсек, социалдык тармакта жарандар 5 жыл мурун сатылган кыймылсыз жана кыймылдуу мүлкү үчүн дагы салык талап кылып жатканын кабарлашкан.

5 жыл мурда саткан мүлккө салык төлөш керекпи? Салык кызматынын жообу

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>