Унааларды сатып берем деп алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

Унааларды сатып берем деп алдамчылык менен алектенген жаран кармалды

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-мартта Октябрь РИИБине калаа тургуну арыз менен кайрылган. Анда А. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, баасы 6 миң 500 доллар турган Honda Accord унаасын, 18 миң долларлык Lexus GX470 унаасын жана дагы бир 18 миң доллар турган Lexus RX350 үлгүсүндөгү унаасын сатып берем деп убадасын аткарбай качып кеткен.

Ал эми кийинчерээк жогоруда аталган унаалар үчүнчү жактарга сатылып, алынган каражаттарды жеке муктаждыгына жумшаганы аныкталган

Бул факты 204-берене «алдамчылык» менена катталып, кылмышка шектүү катары 1988-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Анын ушул сыяктуу дагы төрт кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги белгилүү болгону айтылат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>