Кымыз ичкен айдоочу кандай жазага тартылат? Расмий жооп

Кымыз ичкен айдоочу кандай жазага тартылат? Расмий жооп

Жогорку Кеңештин 7-декабрындагы жыйынында “Жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралды.

Жыйында депутат Нуржигит Кадырбеков мас абалында унаа айдагандарга жаза катуу болушу керектигин айтты.

“Кыргыздын жакшы көргөн суусундугу бул — кымыз, арак адамды өлтүрөт, ал эми кымыз ден соолукка пайдалуу. Ушул экөөнү бөлүп, диагностика кылып бере тургандай силерде мүмкүнчүлүк барбы?”, — деп сурады депутат.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу башкармалыгынын башчысы Азамат Исраилов мындай мүмкүнчүлүк жок экенин айтты.

“Текшерүүдө эки гана диагноз чыгат, тактап айтканда соо же мас деген аныктама берилет. Канча көлөмдө ичкени жана эмне ичкени аныкталбайт. Диагностикадан коньяк, арак же кымыз ичкен деп чыгарылбайт”, — деди Азамат Исраилов.

Нуржигит Кадырбеков айдоочунун кымыз ичкени үчүн жеңилдиктер берилбеши керек деген ойду колдоорун айтып, бул коррупцияга жол ачарын, кийин арак ичкен айдоочуну кымыз ичкен деген жүйөө менен бошотуп жибериши мүмкүн экенин белгиледи.

Сунушталып жаткан мыйзам долбоор боюнча мас абалдагы айдоочу жол кырсыкка кабылган учурда ал 10 жылга айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт. Ал эми мөөнөтү бүткөндөн кийин кайра экинчи жолу кырсыкка себепкер болсо, анда өмүр бою айдоочулук күбөлүгүнөн ажырайт.

Ал эми азыркы Укук бузуу жөнүндө кодекстин 193-беренесине ылайык, унааны мас болуп айдагандарга 17 миң 500 сомдук айып пул салынат. Эгерде акча төлөбөсө, 30-40 сааттык коомдук иштерди жасайт. Ал эми рулду башкарып жүргөн киши медиктердин кароосунан өткүсү келбей, баш тартса да ушундай жазага кириптер болот.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>