Жерүй кенинде алтын өндүрүү 30%га өстү

Жерүй кенинде алтын өндүрүү 30%га өстү

Быйыл Жерүй кенинде алтын өндүрүү 30%га өстү. Бул тууралуу аталган компаниядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл Жерүй кенин иштетүүчү «Альянс Алтын» компаниясы жыл башында коюлган пландарынын баарын аткарды.

«Ушул жылы 4 тонна баалуу металлды эритүү боюнча чоң максат коюлуп, ишкана бул милдетти ийгиликтүү ишке ашырды. Ошентип, 2022-жылдын аягына чейин алтын өндүрүү 2021-жылга салыштырмалуу бир тоннага (+30%) көбөйөт. Жерүй кени иштетилип баштагандан бери Кыргызстандын бюджетине төлөнгөн салыктын көлөмү 2022-жылдын 31-октябрына карата 209,1 миллион долларга жеткен (азыркы курс боюнча дээрлик 18 миллиард сом). Ушул жылы ишканада тоо-кен транспортунун жана көмөкчү техниканын паркын көбөйтүү боюнча иштер жигердүү жүрдү. Быйыл компания 50дөн ашык техниканы (Hitachi жогорку өндүрүмдүүлүктөгү экскаваторлору, Caterpillar, Volvo 55 жана 25 тонналык самосвалдар) сатып алып, ишке киргизди жана жол техникасынын паркын чыңдады», — деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле, компания экологиялык коопсуздукка өзгөчө көңүл буруп жатканын белгилейт.

«Жерүйдөгү калдык сактоочу жай  заманбап технологиялар, композиттик материалдарды колдонуу менен курулган. Мындай калдык сактоочу жай өлкөнүн башка кен казуучу жеринде жок. Ишкананын келечектүү пландарында калдыксыз кен казып алуу программасын ишке ашыруу камтылган. Бул багытта өндүрүш калдыктарын (пеноблок, кирпич, кургак курулуш аралашмалары) кайра иштетүү боюнча изилдөөлөр жүргүзүлдү. Бул Талас облусундагы курулуштун өнүгүшүнө кошумча салым болмокчу. Ошондой эле, компания тоо-кен рудасын карьерден алтын ылгоочу фабрикага ташууда жолдон чыккан чаң көйгөйлөрүн чечүү менен алектенип келет. Азыр чаңды басуу үчүн атайын экологиялык жактан коопсуз кошулмалар колдонулууда», — деп билдирет компания.

«Альянс Алтын» оор кесепеттерге алып келген кырсыктарды болтурбоо үчүн кызматкерлерин коопсуз шарттарда жана ыкмаларда иштөөгө үйрөтүү боюнча ишин күчөткөнүн билдирди.

«Өнөр жай коопсуздугу жана эмгекти коргоо жагынан алдыңкы эл аралык тажрыйба колдонулууда.  Ошондой эле, атайын жабдуулары менен  медициналык адистер түздөн-түз өндүрүш аянтына бара алышат. Компания жергиликтүү калк жана мамлекеттик органдар менен ийгиликтүү байланыш түзүүдө. Бүгүнкү күндө Жерүй кенинде подряддык компанияларда иштегендерди эсепке албаганда Бекмолдо айыл аймагынан эле 199 кызматкер, ал эми Талас шаарынан, облустун башка район, аймактарынан  295 адам иштейт. Аймакты өнүктүрүү үчүн Талас облусун өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага «Альянс Алтын» жыл сайын 150 миллион сом которуп турат. Айыл чарбасы колдоого алынууда: Компания дыйкандар үчүн 6 комбайн сатып берип, кант заводун калыбына келтирип, чакан бизнести өнүктүрүү үчүн пайызсыз насыяларды берип жатат. Ошондой эле, райондук жолдорду кардан тазалоодо техникалык жардамдар көрсөтүлүүдө. Андан тышкары Жерүй кенине чектеш аймактарда чыккан өрт кырсыктарын өчүрүүдө, жакын жайгашкан имараттарды суу менен камсыздоо үчүн жол техникасын бөлүү иштерине көмөктөшүп келет. Компания мамлекеттик органдар менен ачык-айкын өз ара байланыш түзүүдө. «Альянс Алтын» ЖЧКсы Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык иш алып барган ачык ишкана болуп саналат», — деп айтылат маалыматта.

Биздин Телеграм каналыбызга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>