Көк бөрү финалдарында аншлаг: Бает айылында түз эфир үчүн фан-аймак ачылатДүйнөлүк көчмөндөр оюндарында тыйын эңмей: кыргызстандык Азим Эсенбек уулу күмүш байгеге ээ болдуКММ үзгүлтүксүз камсыздоо: «Ынтымак Ордодо» күйүүчү май рыногундагы абал талкууландыКыргызстандык Орозбек Алмазбеков казак күрөшү боюнча Көчмөндөр оюндарынын чемпиону болдуАсыл тукум мал жана кош дипломдор: КР менен Чувашия агроөнөр жай комплекси боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү100 млн сом жана жаңы академия: Садыр Жапаров КРда шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду
Чек ара жаңжалына байланыштуу митингге чыккандарды милиция кармады
17.09.2019 | 11:14
Бүгүн, 17-сентябрда Ак Үйдүн алдына Кыргыз-Тажик чек арасындагы кырдаал боюнча нааразычылык билдирип, шаар тургундары митингге чыгышты.
Топтолгон тургундар бийлик өкүлдөрү мындай кырдаалга жеткирбей маселени чечиши керек болчу деген пикирлерин айтышууда. Абалды жөнгө салуу үчүн мындан аркы кадамдарды бийлик оң тарапка чечсин деген талаптарды коюшту.
Милиция кызматкерлери митингге чыккандарды кармап кетти.
“Биз чек арадагы абалга кайдыгер карабай митингге чыктык. Бирок эч кандай тартип бузуу болгон жок. Милиция бизди негизсиз эле кармап келип автобусттарга салып жатышат”, – деп нааразы болушууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом