Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган тажик жарандары кое берилди

Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган тажик жарандары кое берилди

Кыргыз чек арачылары тарабынан кармалган Тажикстандын Ворух айылдык кеңешинин тургундары Боисжон Бобохасанов менен Дилшод Каримов айып пул төлөгөндөн кийин кое берилди. Алар үч жумадан ашык Баткендеги убактылуу кармоочу жайда кармалып турушкан.

Бул иш боюнча Баткен шаардык сотунун отуруму 5-ноябрда өтүп, Бобохасанов менен Каримовго чек арадан мыйзамсыз өткөндүгү үчүн ар бирине 37 миң сомони (3 700 доллардан ашык) өлчөмүндө айып пул салынды.

Ворух айылдык кеңешинин тургундарын кыргыз чек арачылары 14-октябрда кармап, Баткенге жеткирилген. Алардын жанында мергенчилик куралдары болгон.

1-ноябрда Тажикстандын аймагында кармалган кыргызстандык Асылбек Каримов мекенине кайтарылган. 31-октябрда Кыргызстан менен Тажикистандын тийиштүү органдарынын, Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн ортосунда болгон сүйлөшүүдө кыргыз жаранын мекенине кайтарып берүү маселеси да көтөрүлгөн. Жыйынтыгында Каримов Тажикстандын чек ара мыйзамын бузгандыгы үчүн салынган айыптан куткарылып, кыргыз тарапка өткөрүлүп берилген.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>