Жапаров Кыргызстанда Куршевелдей курорт курууну кыялданат

Жапаров Кыргызстанда Куршевелдей курорт курууну кыялданат

Биз Ысык-Көлдө сезон 45 күн эмес, жыл бою болушун каалайбыз. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Мир” телерадиокомпаниясына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын келечеги туризм менен байланыштуу.

“Биз туризм экономикабыздын негизги багыттарынын бири болушун каалайбыз. Анын алкагында туризм фонду түзүлгөн. Эми тоо лыжа базасы боюнча бир нече ири долбоорлор ишке кирет. Президенттин кыргыз Куршевелин куруу кыялы бар. Ал идея ишке аша баштады. Эки-үч жумадан кийин биз Европадагы бул уникалдуу курорттун негиздөөчүсүн күтүп жатабыз”, — деди министрлер кабинетинин төрагасы.

Акылбек Жапаров азырынча кыргыз Куршевелинин аты тандала электигин белгилеп, “бизнес-план даярдалып бүткөндөн кийин эгер мамлекет башчы ат ойлоп табуу зарыл деп тапса, аны иштеп чыгабыз”, — деди.

Мындан тышкары, ал Ысык-Көлдө  сезон абдан кыска экенин айтып, “биз сезонду 45 күн эмес, жыл бою кылгыбыз келет”, — деп кошумчалады.

Куршевел – Франциянын Альп тоолорундагы лыжа курорту, Тарентайз өрөөнүнүн борборунда жайгашкан. Ал «Үч өрөөн» бириккен лыжа аянтына кирет.  Курорт 1946-жылы негизделген. 1992-жылы XVI Кышкы Олимпиада оюндарынын мелдештеринин бир бөлүгү Куршевелде өткөн.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>