Кыргыз-Өзбек чеги жактан мыйзамсыз маңзат ташыган топ колго түштү

Кыргыз-Өзбек чеги жактан мыйзамсыз маңзат ташыган топ колго түштү

28-май күнү Кыргыз-Өзбек мамлекеттик чек арасына жакын Кара-Суу шаарынын аймагында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү учурунда Кыргызстандын жараны Ш.А.А. кармалды. Бул туурасында Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ал мурда соттолгон жана Өзбекстан Республикасында баңгизаттарын жүгүртүүгө катышкандыгы үчүн жазасын өтөп келген.

Алынган баңгизатынын салмагы 1 кг 718 граммды түзүп, жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгында кара куурай чайыры (гашиш) экени аныкталды.

Мындан тышкары, ошол эле күнү 1984-жылы туулган Т.Ш. аттуу топтун дагы бир мүчөсү кармалды. Анын үйүн тинтүү учурунда  жалпы салмагы 75 граммды түзгөн сары-ак түстөгү зат табылган, экспертизадан героин экени такталды.

Жогоруда аталган жарандар КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына жайгаштырылды.

КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүдөн чыгаруу жана кылмыштын бул түрүнө тиешеси бар адамдарды кармоо боюнча иш-чараларды улантууда.

Тэги: маңзат

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>