Кыргыз-өзбек чек арасында Бангладештин жарандары кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасында Бангладештин жарандары кармалды

Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналына бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка караганда, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети контрчалгындоо иштерин уюштуруунун алкагында Кыргызстандын Өзбекстан менен мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүү каналы аныкталып, токтотулду.

Ушул жылдын 3-июнунда УКМК чек ара кызматкерлери менен биргеликте Кара-Суу районунун Кызыл-Кыштак айыл аймагынын «Кум» чек ара тилкесинде Кыргызстандын мамлекеттик чек арасын Өзбекстан тарапка мыйзамсыз кесип өтүүгө аракет кылгандыгы үчүн (чек ара көзөмөл пунктунан тышкары) Бангладеш Республикасынын 4 жараны жана Өзбекстандын 1 жараны кармалды.

Ошондой эле, көрсөтүлгөн убакытта Өзбекстандан Кыргызстанга мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча жогоруда аталгандарга ортомчулук кызмат көрсөткөн 1994-жылы туулган Өзбекстандын жараны М.Н.Р. кармалган, ал, аталган чет элдик жарандарды Кыргызстандын Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өтүүгө көмөк көрсөтмөк.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>