Кыргыз-Тажик чек арасы: Чырга себепчи болгон курулуш бир жумага токтотулду

Кыргыз-Тажик чек арасы: Чырга себепчи болгон курулуш бир жумага токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасында чырга себепчи болгон курулуштар бир апталык мөөнөткө токтотулду. Бул тууралуу Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймак башчысынын милдетин аткаруучу Акжол Абдуллаев билдирди.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы тилкеде абал тынч, топтолгон эл жок. 24-августта чек ара чырынан жабыркаган милиция кызматкеринин абалы жакшы. Ал Кулунду айылынын ооруканасында дарыланууда.

Белгилей кетсек, 24-августта Лейлектин Борбордук айыл аймагында чек ара чыры катталган. Жыйырмага жакын тажик жарандары үйүнүн короосуна тосмо куруп жаткан кыргыз жаранына каршылыгын билдирип, курулушту токтотууну талап кылышкан. Ортодо жаңжал чыгып,  абалды жөнгө салуу үчүн чек арачылар жана милиция кызматкерлери келген. Тажиктер күч түзүмдөрүнө карата да таш ыргыткан. Ал эми чек арачылар асманга эскертүү огун чыгарышкан. Жаңжалдын айынан  бир милиция кызматкери жана жай тургун жаракат алган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>