Бишкектин «Мурас Ордо» конушунда 29-октябрда ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөтСадыр Жапаров Түркияга иш сапары менен баратАйпери Медет кызы Астанадагы Дүйнө чемпионатында коло байге үчүн күрөшөтЭксперт: Кыргызстан бир нече жыл бою Россиядан күйүүчү май албай калышы мүмкүнКанат Эшатов: Кыргызстанда күйүүчү майдын чекене баалары жыл аягына чейин өзгөрбөйтКыргызстан менен Катардын ортосунда Ишкерлер кеңеши түзүлөт
Президент Жапаровко уулунун тажыясына барууга уруксат бердиби?
26.08.2019 | 18:11
Садыр Жапаровду баласынын тажыйасына барууга уруксат берүүнү Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы чечет. Бул тууралуу РЕПОРТЕР агенттигине президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.
Буга чейн айрым басылмалар активист Мелис Аспековко таянып, президент саясатчыга абактан чыгып, уулунун тажыясына катышууга уруксат бергенин жазып чыгышкан.
Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы бошотуу өтүнүчү расмий түшкөн соң абактын жетекчилиги бул маселени чечерин билдирген.
Садыр Жапаровдун тун уулу Дастан Мусталиев бүгүн 26-вагустта жол кырсыгынан каза болду.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом