Кыргыз-тажик чек арасы. Кыргызстанга Тажикстандын делегациясы келет

Кыргыз-тажик чек арасы. Кыргызстанга Тажикстандын делегациясы келет

2021-жылдын 1-апрелинде Москва шаарында КМШнын тышкы иштер министрлеринин кеңешинин кезектеги жыйынынын алкагында Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев Тажикстандын тышкы иштер министри Сироджиддин Мухриддин менен жолугушту.

Эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын өткөн жолугушуусу кыргыз-тажик өз ара аракеттенүүсүнүн жалпы спектрин активдештирүү боюнча чараларды көрүүгө багытталган тараптардын ортосундагы диалогдун логикалык уландысы болду.

Өкмөттүк делегацияларынын кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча жолугушууларын улантуунун зарылдыгына басым жасалды. Аталган делегациялардын кийинки сүйлөшүүлөрүн жакынкы аралыкта Кыргыз Республикасында өткөрүү пландаштырылууда.

Тараптар Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек араны мыйзамдуу каттоонун аяктоосу эки өлкөнүн мамилелеринин бардык чөйрөлөрүндө оң таасирин тийгизет деген бирдиктүү пикирде болушту.

Ошондой эле эки мамлекеттин тышкы иштер министрлеринин талкуусунун темасы болуп кыргыз-тажик соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу маселелери болду. Эки тараптуу маселелерди комплекстүү кароо боюнча кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги 17-отурумун жакын арада өткөрүү максатка ылайыктуу экендиги белгиленди.

Казакбаев Тажикстандын укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү Лахш (мурунку Жергетал району) аймагында убактылуу же туруктуу жашаган Кыргызстандын жарандарынын документтерин күтүүсүздөн текшерүүлөр боюнча келип түшкөн маалыматтарга  тынчсыздануусун билдирди. Бул текшерүүлөрдүн натыйжасында кыргызстандыктарга тажик жарандыгын калыбына келтирүү же өлкөдөн чыгып кетүү талаптары коюлууда. Кыргыз тарабы кыргыз мекендештердин укуктук статусун бузуудан алыс болуп, бул ишти мындан ары Тажикстандын эмгек жана миграция мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүргүзүүнү өтүндү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>