Кыргыз тигүүчүлөрү кийимдерди Италия, Бразилия менен Кытайга сата баштады

Кыргыз тигүүчүлөрү кийимдерди Италия, Бразилия менен Кытайга сата баштады

2023-жылы Кыргызстан кийимдин экспорттун (реэкспорт менен бирге) 70 пайызга же 3,5 миң тоннага көбөйттү. Ошол эле учурда анын баасы арзандап, бир тонна товардын наркы 5,4 эсеге же 2.2 миң долларга төмөн сатылган. Бул тууралуу «Акчабар» Улуттук статистика комитетине таянып жазды.

Made Kyrgyzstan товарларын эң көп Орусия сатып алган. 2023-жылы бул өлкөгө экспорт 2 эсеге өстү.

Андан кийинки орунда Казакстан турат. Бирок өткөн жылы кошуналар 2 эсеге аз кийим сатып алышкан. Алар көбүнчө жаш балдардын кийим-кечегин импорттойт.

Былтыркы жылы Кыргызстан айрым рынокторду жоготту. Мисалы, 2022-жылы Абхазия, Азербайжан, Латвия, Литва, Монголия жана Японияга жөнөтүлсө, 2023 бул өлкөлөргө экспорт болгон эмес.

Анткен менен кыргыз тигүүчөлөрү багытын Европа тарапка буруп, Франция, Италия, Улуу Британия, Чехияга товар жөнөтүлдү. Бразилия, Кытай, АКШ, Түркия, Эстония дагы былтыры Кыргызстандан кийим импорттогон.

Кызыгы 2023-жылы Кытайга 8.6 тонна кийим жөнөтүлүп, айрыкча даналап сатуу 44 эсеге көбөйдү. Кытай сатып алуучулары көбүнчө эркектердин ички кийимин алышкан.

Жеңил өнөр жай тармагы өткөн жылы 33 өлкө менен кызматташкан. Эң көп атайын кесиптик кийимдер 2,5 миң тонна сатылган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>