УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди (видео)

УКМК Матраимовдордун кармалышы боюнча маалымат берди (видео)

УКМК Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов, анын бир туугандары Тилек, Руслан жана Исламбек кармалганын ырастады.

Мекеменин билдирүүсүндө, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Эскерте кетсек, Райымбек Матраимов Кылмыш-Жаза кодексининин 169-беренеси (Кызматтык кылмыштын белгилери жок болгон учурда адамды күч менен кармоо менен анын жүрүү эркиндигин чектөө) жана 222-берене (кылмыштуу жол менен табылган акчаны адалдаштырууга) шектелүүдө. Ага эл аралык издөө жарыяланган.

Жакында эле УКМК Райымбек Матраимов Бакуда экенин жана аны кармоо боюнча иштер жүрүп жатканын билдирген.

Искендер Матраимовдун уулу Мирланбек Facebook баракчасында атасынын кармалганын четке кагып, ал Дубайдан Бишкекке учуп жатканын кабарлап, сүрөтүн жарыялады.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>