Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
Нарын жана Ысык-Көлдүн тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн
06.08.2024 | 14:37
Нарында жана Ысык-Көлдө 7-августта нөшөрлүү жаан-чачын болору күтүлүп жаткандыктан, аталган облустардын тоолуу аймактарында жана тоо этек райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Ошондой эле дарыялардагы суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Мындан улам министрлик жарандарды тоого жүрүшкө, саякатка чыкпай турууну, капчыгайларда жана суу жээктеринде эс алууга барбай турууну суранат.
Өзгөчө кырдаалга күбө болсоңуз 112 кызматына кабар бериңиз.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом