Кыргызстан ТМУдагы өнөктөштөрүнө бирдиктүү фармацевтикалык платформа түзүүнү сунуштадыПрезиденттин Иш башкармалыгы «Кыргыз почтасынын» негизги акционери болдуФАО Азиядагы күрүч түшүмүнө Эль-Ниньонун таасири тууралуу эскерттиКыргызстанда 133 миң педагог эмгектенет — Мугалимдер күнүнө карата маалыматКыргызстан 14 медаль менен Азиада-2026ны 26-орунда жыйынтыктадыФАО: дүйнөдө дан эгиндерин өндүрүү 2026-жылы 2,1%га азаят
Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Музейлер түнү” иш-чарасы башталды
18.05.2022 | 14:30
Гапар Айтиев атындагы Кыргыз улуттук көркөм сүрөт музейинде “Музейлер түнү” иш-чарасы башталды.
Музейдин короосунда жарманке ачылды: кийимден баштап үй жасалгасына чейин, жыпар жыттуу чайдан таттууларга чейин, зер буюмдардан аксессуарларга чейин жана башка көптөгөн нерселер. Спектакльдер кинозалда болуп, мектеп окуучулары көргөзмө залдарына экскурсияга чыгышты.
Ачылыш 18.30га белгиленген, бирок азыр жумушчулар эл аралык музей күнүнө арналган масштабдуу иш-чарага сахнаны орнотуп, акыркы даярдыктарды көрүшүүдө.
Программада жаңыланган экспозиция, ар кандай мастер-класстар, фото көргөзмө, экскурсиялар, скульптуралык терапия, лекциялар, кино көрсөтүүлөр, жарманкелер, спектаклдер жана башка көптөгөн нерселер камтылган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом