Кыргыз жарандыгын 15 миң долларга сатып алмак. Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Кыргыз жарандыгын 15 миң долларга сатып алмак. Кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды — видео

Россиянын Челябинск облусунда издөөдө жүргөн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 10-мартында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, ИИМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери менен биргеликте Бишкек шаарынын аймагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн Россиянын К.А.В. аттуу жараны кармалып, УКМК тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жасалма документтерди жасоо жолу менен Кыргызстандын жарандыгын алууну көздөп жүргөн.

К.А.В. Челябинск облусундагы уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болуп саналат, ошондой эле Россиянын ФСБсы аркылуу Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 162 (Каракчылык), 209 (Бандитизм), 222 (Мыйзамсыз ок атуучу курал алып жүрүү), 226 (Куралды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды уурдоо же опузалап алуу) беренелери боюнча бир катар оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн.

Ошону менен бирге, ал кылмыш жоопкерчилигинен качуу максатында 15 миң АКШ доллар өлчөмүндө материалдык акчалай сыйлык үчүн Кыргызстандын  жарандыгын алуу үчүн тиешелүү документтерди чогултуп жүргөн.

Учурда УКМК тарабынан кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана бул факты боюнча бардык жагдайларды тактоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>