ЖК Төрагасы бала бакчалардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырды

29.07.2026 | 10:46
Спикер ЖК призвал уделить внимание безопасности детсадов — Новости Кыргызстана

Жогорку Кеңештин Төрагасы Марлен Маматалиев Каракол шаарына болгон иш сапарынын жүрүшүндө бала бакчаларда балдардын коопсуздугун камсыз кылуу жана мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде заманбап шарттарды түзүү мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

1989-жылы курулган №4 жана №5 бала бакчаларды кыдыруу учурунда ал оңдоп-түзөө иштеринин жүрүшү жана мекемелерди мындан ары жаңылоо пландары менен таанышты. Марлен Маматалиев жүргүзүлүп жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын белгиледи.

Мындан тышкары, Төрага Каракол шаарындагы №7 мектепке барып, оңдоо иштеринин жүрүшү менен таанышып, билим берүү мекемелеринин материалдык-техникалык базасын чыңдоо жана билим берүүнүн сапатын жогорулатуу маселелерин талкуулады.

Ошондой эле Марлен Маматалиев Каракол шаарынын тургундары менен жолугушуп, алардын сунуш-пикирлерин жана көйгөйлөрүн укту. Ал көтөрүлгөн маселелер тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте караларын жана ар бир кайрылуу мыйзамдын алкагында карала турганын билдирди.

Scroll to Top