“Кыргызиндустрия» ишканасынын мурдагы президенти жана вице-президенти коррупцияга шектелип кармалды.
УКМКдан билдиришкендей, аталган ишканага 2022-2024-жылдар аралыгында бюджеттен 2,3 млрд сом бөлүнүп, «Кыргызиндустриянын» жооптуу кызматкерлери туунду компаниялар аркылуу бюджеттин акчасын ыйгарып алуу жана коротуу боюнча туруктуу коррупциялык схеманы түзүшкөнү аныкталган.
Белгиленгендей, 2022-2024-жылга чейин «Кыргызиндустрияда» 40тан ашык чыгаша алып келген ишканалар түзүлүп, каржыланган. Аларга бөлүнгөн финансылык салымдар кайтарылгыс болуп калган.
«Компаниянын түзүмүндө жетекчилик кызматтар негизсиз көп болгон (75 кызматкердин ичинен 33ү жетекчи). Аларга эмгек акы да жогору төлөнүп, бул кызматтарга туугандары, достору жана жакын санаалаштары дайындалган», — деп айтылат маалыматта.
Жетекчилик жана ага жакындары бир эле учурда»Кыргызиндустрияда» жана туунду компанияларда иштеп, эки жактан тең айлык алып турганы кошумчаланды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз