Жогорку Кеңештин төрагасы легендарлуу сумочу Хакухо Се менен жолуктуМонголиянын президенти Кыргызстанга ШКУ саммитине жана Көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн келдиМилиция «Мадина» базарындагы өрттөн кийин камералардагы жазууларды изилдедиСи Цзиньпин Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келди«Ильшат» коомдук фонду Бишкекте гепатологиялык борбор курат«Мадина» базарындагы өрттү өчүрүү учурунда эки өрт өчүрүүчү жабыркады
КМШ: 2025-жыл Нацизмге каршы күрөшүүдөгү биримдик жылы болот
14.10.2022 | 15:30
Астана шаарында бүгүн, 14-октябрда КМШ өлкө башчыларынын кеңешинин жыйынында бир катар документтерге кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Саммиттин жыйынтыгы менен өлкө башчылар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө, ошондой эле коопсуздук жаатында интеграциялык байланыштарды мындан ары да өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө багытталган бир катар документтерге кол койгон.
Алар:
- 2023-жылы Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине төрагалык кылуу жөнүндө (Эскертүү — КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын 2023-жылы Бишкек шаарында өткөрүү жөнүндө);
- Аткаруу комитетинин төрагасы — КМШ аткаруу катчысы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрүү жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигин өнүктүрүүдө КМШга мүчө-мамлекеттердин парламенттер аралык ассамблеясынын ролу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин алдында түзүлгөн орус тилин колдоо жана өнүктүрүү боюнча эл аралык уюм жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинде 2024-жылды — Ыктыярчылар кыймылынын жылы, 2025-жылды — Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгы — Нацизмге каршы күрөшүүдөгү тынчтык жана биримдик жылы, 2026-жылды — Саламаттык сактоо жылы деп жарыялоо тууралуу;
- Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин шайлоо органдарынын жетекчилеринин консультативдик кеңешин түзүү тууралуу макулдашуу жөнүндө.
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кызматташуусу тууралуу макулдашуу жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине мүчө-мамлекеттердин 2023-2025-жылдарга карата терроризмге жана экстремизмге каршы күрөшүү боюнча кызматташуу программасы жөнүндө;
- Эркин соода кызмат көрсөтүүлөрү, инвестиция түзүү, анын ишмердиги жана аны ишке ашыруу тууралуу макулдашуунун долбоорун даярдоо жөнүндө;
- 2024-жылы Санкт-Петербург шаарын (Россия) шериктештиктин маданий борбору деп жарыялоо жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна байкоочу макамын берүү жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Адам укуктары боюнча комиссиясы жөнүндө;
- Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Ардак грамотасы менен сыйлоо жөнүндө;
- КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын маданият чөйрөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү тууралуу билдирүүсү жөнүндө;
- КМШга мүчө-мамлекеттердин мамлекет башчыларынын климат чөйрөсүндө кызматташуу тууралуу билдирүүсү жөнүндө.
[image_carousel source=”media: 159968,159967,159966″ limit=”20″ slides_style=”default” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”yes”]
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом