Кыргызстан 2027-жылы КМШнын соттук эксперттеринин кеңешин өткөрүүнү сунуштады

Санкт-Петербургда КМШга мүчө-мамлекеттердин соттук-эксперттик ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү Координациялык кеңешинин III жыйыны өттү. Бул тууралуу КР Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын басма сөз кызматы билдирди.
Такталгандай, иш-чарага КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик соттук-эксперттик мекемелеринин, КМШ Аткаруу комитетинин, ошондой эле тармактык министрликтер менен ведомстволордун жетекчилери жана өкүлдөрү катышты.

Жыйында Кыргызстандын атынан Юстиция министрлигине караштуу Соттук-эксперттик кызматтын төрагасынын орун басары Нурбек Алыйманов жана компьютердик-техникалык жана фоноскопиялык экспертизалар бөлүмүнүн башчысы Азамат Кулиев катышты.

Катышуучулар соттук экспертиза тармагында эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү, стандартташтыруу системасын жана ченемдик-укуктук базаны өркүндөтүү, заманбап илимий иштеп чыгууларды жана санариптик технологияларды киргизүү, ошондой эле Шериктештик өлкөлөрүнүн эксперттик мекемелеринин ортосундагы өз ара аракеттенүүнү бекемдөө маселелерин талкуулашты.

Соттук-эксперттик ишмердүүлүккө болгон мамилелерди шайкеш келтирүүгө, биргелешкен илимий-усулдук (научно-методический) долбоорлорду ишке ашырууга, тажрыйба алмашууга жана соттук эксперттерди даярдоо менен алардын квалификациясын жогорулатууда кызматташтыкты өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Жыйында сөз сүйлөгөн Нурбек Алыйманов Координациялык кеңештин кезектеги отурумун 2027-жылы Кыргызстанда өткөрүүнү сунуштады.

Жолугушуунун жыйынтыгында катышуучулар КМШга мүчө-мамлекеттердин кызматташтыгын мындан ары кеңейтүүгө жана соттук-эксперттик ишмердүүлүктү өркүндөтүүгө багытталган чечимдерди кабыл алышты.
