Кыргызстандын медицина кызматкерлери өзгөчө кырдаалдардагы аракеттерди машыгуудан өткөрүштү

Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстанда саламаттык сактоо системасын өзгөчө кырдаалдар шарттарында репродуктивдик ден соолук жана гендердик зомбулук маселелерине чара көрүүгө даярдоо боюнча симуляциялык машыгуу өттү.
Такталгандай, машыгуулар Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине (ӨКМ) караштуу Апааттар медицинасы кызматынын базасында өткөн.


Практикалык бөлүктүн жүрүшүндө катышуучулар өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүдө ар кандай кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн машыгуудан өткөрүп, калктын керектөөлөрүнө экспресс-баа беришти, ыкчам штабдын ишин уюштуруп, репродуктивдик ден соолук жаатындагы баштапкы кызматтардын минималдык пакетин (MISP) колдонушту. Мындан тышкары, медиктер гендердик зомбулуктан жабыркагандарга жардам көрсөтүү көндүмдөрүн өркүндөтүштү.


АИВ (ВИЧ) инфекциясынын жана жыныстык жол менен жугуучу инфекциялардын алдын алууга, кечиктирилгис акушердик жана неонаталдык жардам көрсөтүүгө, үй-бүлөнү пландаштыруу маселелери боюнча кеңеш берүүгө, ошондой эле медициналык топтомдордун логистикасын уюштурууга жана дары-дармектерди бөлүштүрүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Практикалык сабактар ошондой эле медициналык уюмдан тышкаркы шарттагы төрөттөгү аракеттерди, төрөттөн кийинки кан кетүүнү көзөмөлдөөнү, жаңы төрөлгөн ымыркайларга жардам көрсөтүүнү жана ресурстар чектелүү шартта адистердин өз ара аракеттенүүсүн машыгуудан өткөрүүнү камтыды.
Машыгууларга С. Б. Данияров атындагы Кыргыз мамлекеттик кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу медициналык институтунун акушердик, гинекология жана репродуктология кафедрасынын мугалимдери, ошондой эле Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун жана Кыргыз адамдын репродукциясы илимий борборунун адистери катышты.


Келечекте алар башка медицина кызматкерлерин өзгөчө кырдаалдар шарттарында жардам көрсөтүүгө жана саламаттык сактоо системасынын ишин уюштурууга окутушат.
Машыгуунун жыйынтыгында катышуучулар чара көрүү пландарын сунуштап, жыйынтыктоочу тестирлөөдөн өтүштү жана саламаттык сактоо системасын өзгөчө кырдаалдарга даярдоону андан ары өркүндөтүү боюнча эксперттердин сунуштарын алышты.