Кыргызстан Америкада эл аралык IT-форумун өткөрөт

Кыргызстан Америкада эл аралык IT-форумун өткөрөт

13-сентябрда Нью-Йорк шаарында биринчи ирет «Борбор Азия-Америка» эл аралык IT-форуму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын АКШдагы элчилигинен билдиришти.

Аталган иш-чара элчилик жана Кыргызстандагы IT адистердин башын бириктирген Hi Tech Park уюму тарабынан уюштурулууда. Форум Нью-Йорк шаарындагы Рузвельт аралындагы Cornell Tech имаратында өткөрүлөт.

Форумга АКШнын мамлекеттик департаментинин өкүлү, чет мамлекеттердин элчилери, Microsoft, Google, Starlink жана Amazon сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстандын алдыңкы IT-компанияларынын жетекчилери катышат.

Иш-чаранын негизги максаты Борбор Азиянын маалыматтык технология жаатындагы жетишкендиктерин дүйнөлүк коомчулукка тааныштыруу, жаңы өнөктөштөрдү табуу менен келечекте эки тараптуу кызматташууну мындан ары өнүктүрүүгө жетишүү болуп саналат.

Элчилик мекендештерди аталган иш-чарага катышууга чакырат:

Иш-чарага катышуу үчүн https://kssda.kg/itforum сайтынан катталуу керек.

Байланыш телефону: +1 202 449 9825

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>