Кыргызстан бийлиги Жетим-Тоону иштетүү үчүн инвестор издей баштады
Жетим-Тоо кенин иштетүүгө лицензия мамлекеттик «Кыргызгеология» ишканасына өткөрүлүп берилип, учурда долбоорду ишке ашыруу үчүн инвесторлор изделүүдө. Бул тууралуу 18-майда парламент комитетинин жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Амантур Турсүниязов билдирди.
Кендин тагдыры тууралуу маселени Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, жер казынасын пайдалануу, экология жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча комитетинин жыйынында депутат Кубанычбек Самаков көтөрдү.
Турсүниязовдун айтымында, учурда долбоордук документация бюджеттик каражаттын эсебинен даярдалып жатат. Ошол эле учурда бийлик кенди мындан ары өздөштүрүү үчүн инвесторлорду тартуу мүмкүнчүлүгүн караштырууда.
«Азыр инвесторлор изделип жатат», — деди министрдин орун басары.
Депутат кенди иштетүүнү мамлекет каржылайбы же жеке инвесторлорбу деп тактаганда, Минприроданын өкүлү азыркы этаптагы иштер мамлекеттик бюджеттен каржыланып жатканын айтты.
Жаратылыш ресурстары министрлигинин 2024-жылы жарыяланган баалоосуна ылайык, Жетим аянтындагы темирмагнетиттин алдын ала запасы 524,5 млн тоннаны түзөт.