Кытай темир жол курулушуна насыя берет
Кытай Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу үчүн Кыргызстанга жеңилдетилген насыя берет. Бул тууралуу парламентте транспорт жана коммуникациялар министринин орун басары Алмаз Тургунбаев билдирди.
Анын айтымында, насыя кытай юанында 25 жылдык мөөнөткө берилет. Анын ичинде 5 жылдык жеңилдетилген мезгил каралган. Пайыздык үстөк жылына 1,5% түзөт. Мындан тышкары, Кытай өкмөтү насыянын пайыздык ченин субсидиялоого 730 млн юань бөлөт. Гранттык элемент 35% болот.
Тургунбаев белгилегендей, Кыргызстан аймагындагы темир жолдун жалпы наркы 4,7 млрд долларга бааланууда. Долбоордун 50% чыгымын Кытай каржылайт. Кыргызстан менен Өзбекстандын үлүшү 24,5%дан түзөт.
Алмаз Тургунбаевдин айтымында, Кыргызстандын үлүшүнүн жарымы республикалык бюджеттен каржыланат. Ал эми калган жарымы — 2 млрд 75 млн юань же болжол менен 305 млн доллар — каралып жаткан келишимдин алкагында жеңилдетилген насыя катары алынат.
Министрдин орун басары рамкалык макулдашуу үч жылга жарактуу экенин билдирди. Эгер бул мөөнөт ичинде тараптар конкреттүү насыялык келишим түзбөсө же ал күчүнө кирбесе, документ автоматтык түрдө күчүн жоготот. Анын айтымында, Кытай тарап ушундай жол менен акыркы келишимдерди тездетүүгө кызыкдар.
Пландоого ылайык, темир жолдун курулушу 2030-жылга чейин аяктайт. Учурда долбоордо Кыргызстандын эки миңге жакын жараны иштеп жатат. Негизинен квалификациясы жок жумушчулар тартылууда, бирок квалификациялуу инженерлер да жумушка орношо алышат. Азыркы учурда долбоордун башкаруучу компаниясында Кыргызстандын 25 жараны иштейт.
Белгилей кетсек, Жогорку Кеңештин комитети Кыргызстан — Кытай — Өзбекстан темир жолу долбоору үчүн жеңилдетилген насыя берүү боюнча рамкалык макулдашууну жактырды.