ИИМ өлкө боюнча 45тен ашык бинардык опционду жапты (видео)

ИИМ өлкө боюнча 45тен ашык бинардык опционду жапты (видео)

Кыргызстанда 45тан ашык бинардык опциондор жабылып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, өлкө аймагында бинардык опциондорго жамынган 45тен ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бинардык опциондорду соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо) 2-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча кылмыш иши козголгон.

«Тергөө-ыкчам иш-чараларынын алкагында тинтүү иштери жүргүзүлүп, аталган мекемелердин кызматкерлери жана ойногондор суракка алынып, компьютердик техникалар алынды.

Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда», — деп билдирет ИИМ.

Эскерте кетсек, буга чейин социалдык тармактарга Оштогу бинардык опциондо бир жаран 10 миң доллар, дагы бирөө 130 миң сом уттурганы тууралуу видео тараган. Видеону тарткан адам аталган жайды кумаркана деп атап, ал жерде Кыргызстандын жарандары акча уттуруп жатканына нааразычылыгын билдирген. Бул окуя боюнча милиция териштирүү иштери баштаганы кабарланган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>