Кыргызстан делегациясы Москвадан Бишкекке чыкты

Кыргызстан делегациясы Москвадан Бишкекке чыкты

Кыргызстан делегациясы Москвадан Бишкекке чыкты. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Толгонай Стамалиева билдирди.

Анын маалыматына ылайык, учаардын астында Сооронбай Жээнбеков Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Жээнбеков Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына арналган парадга катыша албай калгандыгын өкүнүү менен белгиледи.

Буга чейин маалымдалгандай, Москва шаарына келгенден кийин делегациянын бардык мүчөлөрү кайрадан тест тапшырышкан. Тапшырган тесттердин жыйынтыгында делегация курамындагы коштоп барган адамдардын экөөнүн анализи оң деп чыккан.

Бишкекке келгенден кийин анализдери оң чыккандар бардык алгоритмди сактоо менен 14 күн обочолонууда болушат.

Президент жана башка адамдар дагы анализдери чыкканга чейин 3 күнгө обочолонууга кетишет.

Белгилей кетсек, буга чейин пландаштырылган график боюнча Сооронбай Жээнбековдун Орусияга кийинки иш сапары 30-июнга белгиленген.

30-июнда Ржев шаарында 1941-1945-жылдарда Улуу Ата Мекендик согушта каза болгон кыргызстандык аскерлердин эстелигинин расмий ачылышы пландаштырылган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>