Кыргызстан дүйнөгө белгилүү «Bvlgari» компаниясы менен кызматташууга кызыкдар

11.05.2026 | 18:14

Бүгүн, 11-майда, Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев дүйнөгө белгилүү италиялык «Bvlgari» компаниясынын өкүлдөрү Элеонора Риццуто жана Энрико Фрицци менен жолугушуп, кызматташуу келечегин талкуулады. Аталган компания зер буюмдар, сааттар жана парфюмерия жаатында люкс класстагы бренд болуп саналат.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматында, жолугушууда зергерчилик буюмдарын өндүрүү тармагында кызматташуу жана Кыргызстандын аймагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү талкууланган. Данияр Амангелдиев делегацияга экономикалык реформалар, бизнес үчүн мыйзамдарды либералдаштыруу жана өлкөдөгү баалуу металлдардын чийки базасы тууралуу маалымат берген.

«Кыргыз Республикасы инвестициялык климатты түзүү боюнча саясат жүргүзүүдө жана биз «Bvlgari» сыяктуу компаниялар менен иштешүүдө потенциалды көрүп жатабыз», — деген Амангелдиев.

Тараптар зергерчилик буюмдарын кайра иштетүү жана инфраструктураны өнүктүрүү маселелери боюнча пикир алмашкан. «Bvlgari» компаниясынын өкүлдөрү Кыргызстандын инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөгө кызыкдар экендигин билдиришкен.

Жолугушуунун соңунда өз ара аракеттенүүнүн багыттарын иштеп чыгуу үчүн консультацияларды улантуу боюнча макулдашууга жетишилди.

Scroll to Top