Бишкекте аймактын келечегине арналган ири эл аралык форум өттүАкжол Махмудов Астанадагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалына чыктыМСК Душанбе шаарында салыктык башкарууда ЖИ колдонуу тажрыйбасын тааныштырдыЛионель Месси Астурия принцессасынын сыйлыгынын лауреаты болдуЕгипет 1-ноябрдан тарта туристтер үчүн өлкөгө кирүү эрежелерин өзгөртөтБишкекте мотоскутер айдаган өспүрүм каза болгон жол кырсыгынан кийин кылмыш иши козголду
Кыргызстан эң арзан интернети бар 5 өлкөнүн катарына кирди
20.06.2022 | 13:39
BroadbandChoices.co.uk тарабынан даярдалган дүйнөдөгү эң арзан мобилдик интернети бар өлкөлөрдүн рейтингинде Кыргызстан төртүнчү орунга чыкты. Изилдөөдө 169 өлкөдө интернетке кирүүнүн сапаты, жеткиликтүүлүгү жана баасы изилденген.
Ошол эле учурда Интернеттин жеткиликтүүлүгүнүн индекси боюнча Кыргызстан 116-орунда турат, республика интернетке туташуу ылдамдыгы боюнча да, баасына салыштырмалуу кең тилкелүү кирүү ылдамдыгы боюнча да төмөн.
“Интернетке кирүү үчүн мобилдик маалыматтарга таянган Шри-Ланка жана Кыргызстан сыяктуу өлкөлөр жакшы оптикалык була түйүндөрүнүн жоктугуна карабай арзан маалымат пакеттерин сунуштап жатышат”, – деп жазат изилдөөнүн авторлору.