Кыргызстан Индиядан 126 млн сом грант алат. Долбоор талкууда

Кыргызстан Индиядан 126 млн сом грант алат. Долбоор талкууда

Бүгүн, 22-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Бишкек шаарында 2021-жылдын 11-октябрында кол коюлган Коомдук өнүктүрүүгө багытталган тез таасир этүүчү долбоорлорду ишке ашыруу максатында Индиядан гранттык жардамы боюнча Министрлер кабинети менен Индия өкмөтүнүн ортосундагы Өз ара түшүнүшүү боюнча меморандумун  ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Жыйында аталган маселе боюнча баяндама жасаган экономика жана коммерция министринин орун басары Чоро Сейитов белгилегендей, Меморандум жергиликтүү органдар, өкмөттөр аралык мекемелер же өкмөттүк эмес уюмдар аркылуу ишке ашырыла турган өнүктүрүү жаатындагы анча чоң эмес, бирок натыйжалуу демилгелерди каржылоо үчүн тиешелүү механизмди түзүүгө багытталат.

Меморандумга ылайык, Индия өкмөтү социалдык-экономикалык өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу, жашоого каржы булактарын камсыздоого жардам берүү үчүн 126,29 млн. сомдон ашпаган сумманы гранттык негизде берет.

«Ар бир долбоорго болжол менен 1,5 млн АКШ доллары бөлүнөт, жылына 5-6 долбоорду ишке ашыруу пландалууда. Буга чейин Индиянын элчилигине гранттык жардам көрсөтүү боюнча арыз түшө баштады», — деди Ч.Сейитов.

Талкуунун жүрүшүндө депутаттар арыздарды тандоонун негизги критерийлерине кызыгышты. Депутат Дастан Бекешев каражат толугу менен гранттык негизде бөлүнүп жатканын белгилеп, мыйзам долбоорун колдоду. Мыйзам долбоору биринчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Индия

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>