Кыргызстан Казакстандан аскердик-техникалык жардам алат

Кыргызстан Казакстандан аскердик-техникалык жардам алат

Президент Садыр Жапаровдун Казакстандагы мамлекеттик сапарынын алкагында жети документке кол коюлду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. Ал документтердин арасында Казакстандан кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам алуу жөнүндө макулдашуу да бар.

Маалыматта техниканын көлөмү, суммасы жазылган эмес.

Сапардын жүрүшүндө эки тараптуу кызматташтык боюнча төмөнкү документтерге кол коюлду:

Кыргыз-казак өкмөттөрү ортосунда кайтарымсыз аскердик-техникалык жардам көрсөтүү;

Улуттук спорттун түрлөрүн жана элдик оюндарды өнүктүрүү;

Коргоо министрликтеринин кызматташтык тууралуу иш-чаралардын планы;

2021-2022-жылдарга карата Кыргызстандын Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясы менен Казакстан Соода жана интеграция министрлигинин биргелешкен иш-аракеттери;

Тышкы иштер министрликтеринин ортосундагы кызматташтык программасы;

Санариптик өнүктүрүү тармагындагы меморандум;

Электр энергиясын алмашуу жөнүндө протокол.

Буга чейин Жапаровдун Орусияга болгон иш сапарында учкучсуз учактарды жана С-300 үлгүсүндөгү зениттик ракеталык комплексти алуу тууралуу келишим түзүлгөн.

Жапаров Казакстандын борбору Нур-Султан шаарына мамлекеттик сапар менен 2-мартта барды.

Бул – Кыргызстанда 2020-жылдын 5-6-октябрындагы бийлик алмашуудан кийин Бишкек менен Нур-Султандын ортосундагы жогорку деңгээлдеги дипломатиялык байланыш.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>