«75чилер иши»: Прокурорлор Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз бериштиОмар Султанов Кыргызстандын Улуу Британиядагы элчиси болуп дайындалдыКыргызстанда жыл башынан бери миң чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдүАсыл тукум мал чарбасын өнүктүрүү үчүн 3 пайыздык жеңилдетилген насыя берилетБишкекте өзүн милиция кызматкери катары тааныштырып, пара талап кылган шектүү кармалдыЫсык-Көлдө Formula 1 H2O боюнча Кыргызстандын Гран-приси аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды
Кыргызстан Казакстандын улакчыларын “Биримдик кубогуна” чакырды
16.09.2024 | 13:51
Кыргызстандын көк бөрү федерациясы Казакстандын көкпар жана көк бөрү курамаларын “Биримдик кубогуна” чакырды. Бул тууралуу федерациянын президенти Рамис Жунусалиев билдирди.
Ал айтымында, оюндарды 1-ноябрда Чолпон-Атада өткөрүү пландалууда. Анда Көчмөндөр оюндарында көкпар жана көк бөрү боюнча мелдештин финалына чыккан Казакстандын жана Кыргызстандын курамалары ойнойт.
“Оюнда Кыргызстан жана Казакстан тараптан да калыс болбойт. Калыс Өзбекстан же Россиядан коюлат. Андан тышкары коопсуздук үчүн оюнду күйөрмандарсыз өткөргөнгө даярбыз”, – деди ал.
Ошондой эле ал “Биримдик кубогун” Өзбекстан же Россияда өткөрүүгө да даяр экенин билдирди. Бул мелдешти эки элдин ынтымагын бекемдөө үчүн уюштуруу үчүн пландалууда.